Tenqri
Bosh sahifa
Dunyo

"Балдардын тиши курт, чоңдордун оозу жыттанат". Таттуу көбөйгөнү оорулар жашардыбы?

Калктын туура эмес тамактануусунан оорулар жашарганы парламентте да айтылды. Айрыкча 2-типтеги кант диабети, жүрөк-кан тамыр, нерв, көз оорулары ж.б. наристелер арасында да катталууда Бишкектин тургуну Алия (аты өзгөртүлдү) үч уулдун энеси. Былтыр тун уулунун бүйлөсү сезгенип, аны дарылатууда бир т

0 ko'rishazattyk.org
"Балдардын тиши курт, чоңдордун оозу жыттанат". Таттуу көбөйгөнү оорулар жашардыбы?
Paylaş:

Калктын туура эмес тамактануусунан оорулар жашарганы парламентте да айтылды. Айрыкча 2-типтеги кант диабети, жүрөк-кан тамыр, нерв, көз оорулары ж.б. наристелер арасында да катталууда Бишкектин тургуну Алия (аты өзгөртүлдү) үч уулдун энеси. Былтыр тун уулунун бүйлөсү сезгенип, аны дарылатууда бир топ азап чеккен. Алия муну төрөттөн кийин эс албай калганына байланыштырды “Төрөттөн кийин аялдын организми үч жылдай эс алышы керек турбайбы. Менин балдарымдын ортосу жакын болуп калды. Денемде кальций аз болгону үчүн балдардын тиши кариес болуп жатабы деп ойлойм. Былтыр улуусунун сүт тиштери түбүнөн карайып, үбөлөнүп түшүп калды. Эти шишип, ириңдеп аябай кыйналдык. Ортончусунун азуулары быйыл карая баштады. Жада калса бирден жаңы ашкан баламдын тишине да курт түшүптүр. Быштак пайдалуу дегенинен таттуусун алып берчүбүз. Сыртка чыкканда шире ичишет. Эми ошонун баарын токтотолу деп жатабыз. Өзүбүз дагы таттуудан баш тартып, туура тамактанууга өтөт окшойбуз” Балдардын саламаттыгына байланыштуу маселе 3-июнда парламентте да көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев өлкөдөгү балдардын 95% тиши кариес экенин айтып, бала бакчада жана мектептеги тамактануу адатын өзгөртүүнү сунуштады “Кыргызстандагы балдардын 95% кариестен жабыр тартууда. Элестетсеңиз, 95 пайыз. Бул эмне деген кайгылуу цифра? Эгер териштире келсек, мунун себеби туура эмес тамактануудан болуп жатат. Биздин кичинекей балдарыбыз бала бакчада жана мектепте негизинен кант жешет. Компотко да, айранга да, буламыкка да, чайга да шекер кошулат. Кыргызстандыктардын көбү аз кандуулуктан жабыркарын эске алып, чайды 12 жашка чейин ичүүгө тыюу салыш керек. Анын ордуна суу, айран ичсе болот. Чайды бала бакчанын да, мектептин дагы менюсунан алыш керек. Таттуу бизде аябай көп. Кариестен башка дагы чоң кишилердин оозу сасып турат. Гигиенаны эске албаганда мунун баары туура эмес тамактануудан келип чыгууда” Борбордогу Биринчи балдар стоматологиясынын жетекчисинин орун басары Нурсултан Заирбек уулу наристелердин сүт тиши эрте түшүп жатканын ырастады “Сүт тиш анан туруктуу тиш деп экиге бөлүнөт да. Соңку кезде балдардын сүт тиштери эрте кариес болуп жатканы анык. Буга туура эмес тамактануу себеп болушу мүмкүн. Балдарды таттуу жегенден кийин оозун чайкоого үйрөтүш керек. Сүт тиштер маалынан эрте түшсө жаак туура өспөй калышы мүмкүн. Азыр брекет кийгендердин көбөйүшү да ушундан улам, Мурда биздин ата-энелер балдарга шыйрак жегизчү да. Ошол сөөк кемирген сайын жаак өрчүп, тиш бекемделет. Тиши ооруган бала тамакты майда чайнап жей албайт. Бүкүлү жутулган тамак болсо ашказанды оорутат. Ошон үчүн сүт тиштери эрте түшкөн балдарга протез кийгизип коебуз. Тишти жакшы сакташ үчүн балага туура адаттарды калыптандыруу керек. Бир жакшы жери, соңку кезде баласынын тишине кам көрүп, эрте дарылаткан ата-энелер көбөйдү” Стоматологдордун айтымында, адамдын оозунда Streptococcus mutans баштаган бактериялар болот жана алар тиштеги таттуунун калдыктары менен азыктанат. Алар бөлүп чыгарган сүт кислотасы тиштин эмалынын жука жерин, айрыкча уюкчаларды оюп, тиштеги минералдар сыртка чыга баштаганда кариес пайда болот. Дарыгерлер тишти убагында дарылабаса, жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келерин эскертишет Медицина илимдеринин кандидаты, эмгек сиңирген дарыгер, педиатр жана диетолог Калтар Саржанова баланын сөөгү жана тиши бекем болушу үчүн аны туура тамактандыруу керек дейт “Баланы физологиялык өзгөчөлүгүнө жараша тамактандыруу керек. Кичинесинде суюк тамак берип, андан кийин коюу, тиши чыкканда чайнап жей тургандарга өтүү керек. Туура тамактануу баланын интеллектуалдык, физиологиялык, психологиялык жактан туура калыптанышына өбөлгө. Үч жашка чыкканга чейин канттуу, туздуу, консервацияланган азыктарды, газдалган суусундуктарды бербеш керек. Баланын тиши, сөөгү бекем болушу үчүн кальций, магнийге бай сүт азыктарын, жер-жемиштерди берген оң. Балдардын өзүнө ылайык кычкыл сүт азыктары бар. Мисалы, биолак, бирок аны дагы бала сегиз айга толгонго чейин бербеш керек. Андан кийин 200 мл ашырбай бере баштаса болот. Уйдун нак сүтү балага оордук кылат. Лактоза жетишпестиги деп коебуз, диатез, аллергия чакырышы мүмкүн. Анын ордуна сүттү буламыкка кошуп берген жакшы. Буламыкка кургак сүттү кошууга болбойт. Этти 7, балыкты 8-9 айдан баштап берген дурус. Балыкты жумасына эки жолу жеш керек” Кыргызстандын мектептеринде 1-класстан 4-класска чейин балдарга ысык тамак уюштурулган. Жогорку класстагыларга тамак берилбейт Мектеп медицинасы боюнча адис, балдар дарыгери Бактыгүл Жумакулованын айтымында, көпчүлүк балдар мектепке ачкарын келет. Мындан улам алардын көбү жакын арадагы дүкөндөн зыяндуу азыктарды алып жегенге аргасыз “Мектептерде берилген ысык тамак санитардык нормага жооп берет. Менюну Саламаттык сактоо министрлиги менен Билим берүү департаменти макулдашып түзөт. Төрт күн гречка, сулу, буудайдан жасалган ботко жешет. Бир күн булочка же токоч берилет. Дастан Бекешевдин айтканы туура. Балдарга чай берүүнү токтотуу керек. Анткени карандай чай организмдеги гемоглобинди бузат. Бирок эмнегедир билим берүү тармагы ошол норманы бузуп, эске албай келет жатат. Бул маселени кайра эле Коомдук саламаттык тармагы көзөмөлдөөгө тийиш. Мектептен сырткары аймакта тамак саткан дүкөндөр бар да. Ошол жерде майга куурулган азыктар сатылат. “Бизнесмендердин укугу бузулат” деген жүйө менен бул маселе дагы каралбай келет. Балдардын саламаттыгы, коомдун саламаттыгы комплекстүү иш болушу керек. Салык чогултуу менен эле алектенбей, көйгөй менен билим берүү мекемелери, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары кошо күрөшүүгө тийиш. Дагы бир байкаганым 90% балдар мектепке үйдөн тамак ичпей, ачкарын келет. Эгер эртең менен ток келсе, көчөдөн тамакты көп жебейт эле” Жумакулова өлкөдө акыркы 35 жылда мектеп жашындагы балдарга көңүл бурулбай калганын айтууда. Медициналык текшерүү Бишкек жана Ош баштаган кээ бир шаарларда гана болбосо, элеттеги балдардын саламаттыгына анчейин көңүл бурулган эмес Мындан улам Агартуу министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлиги бала бакчадагы жана мектеп курагындагы балдарды тескөө максатында программанын үстүндө иштеп жатканы белгилүү болду “Программа сентябрда ишке кирет. Мурда мектептердеги профилактикалык иштерди адистер жүргүзсө, эми бул милдет ата-энелердин өзүнө жүктөлөт. 1, 5- жана 11-класска көчкөн балдарды ата-энелер жашаган жериндеги медициналык мекемелерге алып барып текшерүүдөн өткөрүүгө тийиш. Ата-эне дагы баланы жарыкка алып келгенден кийин анын ден соолугуна көңүл бурушу керек. Биз жакында аймактарды кыдырып келдик. Кариес болгон балдардын саны 90-100%. Андан тышкары нерв системасынын оорулары көп катталууда. Психикалык жактан жабыркагандар да көп. Андан тышкары май тамандык, омуртканын ийрейиши, бүкүрлүк көбөйүүдө. Анан телефондордун таасириненби көздүн көрүүсү начарлады. Кулак оорулары боюнча маалымат жок. Бирок алдыдагы 5-10 жылда бул көйгөй тууралуу айтып калышыбыз мүмкүн. Андан тышкары үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркап, депрессия болгон балдар да бар" ЮНИСЕФ уюму 2023-жылы изилдөө жүргүзгөндө Кыргызстанда алты жашка чейинки балдардын 78% таттуу суусундуктарды ичери, 75% туура эмес тамактанары аныкталган Аталган уюмдун туура тамактануу боюнча адиси Бермет Сыдыгалиева бул көйгөйдү чечүү үчүн кант кошулган суусундуктардын акциздик салыгын көтөрүү керек деп эсептейт “Бизге белгилүү болгондой азыр жугуштуу эмес кант диабети, жүрөк-кан тамыр жана семиздик өңдүү ооруларга чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Мунун алдын алуу үчүн канты бар суусундуктардын акциздик салыгын 20-30% чейин көтөрүү керек. Бизде таттуу суусундуктарга акциздик салык болгону үч сом турат. Экинчиден, кант кошулган суусундуктардын организмге эч кандай пайдасы жок. Бала эки-үч жашка толгонго чейин такыр таттуу бербеш керек. ДССУнун ченеми боюнча үч жаштан өткөн балага күнүнө 2-3 кашык, чоң киши 5-6 кашык кант жетиштүү. Тамактануу адатын өзгөртүү үчүн эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек болуп турат. Ошол эле карандай чайды тамактан мурда же 30 мүнөт өткөндөн кийин ичиш керек. Анткени чай темирдин сиңишине жолтоо болот. Темир жетишсиздигинен бизде азыр аз кандуулук маселеси дагы курч. 49% кош бойлуу аялдар, 25% төрөй турган курактагы кыз-келиндер, 21% балдар аз кандуулуктан жабыркап жатат. Калктын саламаттыгын жакшыртуу үчүн мамлекеттик органдар жана жарандык коом биргеликте аракет кылууга тийиш. Андай болбосо маселе чечилбейт” Канттуу суусундуктарга салыкты көбөйтүү маселеси 26-майда, Бишкекте өткөн диалогдо да талкууланган. Иш-чараны ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен Саламаттык сактоо министрлиги уюштурган Дүйнөлүк банктын талдоосуна ылайык, Кыргызстанда кант кошулган суусундуктарга салыкты жогорулатуу менен 25 жылда семирүүнүн 50 миң учурун, 2-типтеги диабеттин 41 миң учурун алдын алууга болот. Ошол эле маалда мамлекеттик бюджетке да киреше түшмөк Эл аралык уюмдар буга мисал катары 115тен ашык өлкө, анын ичинде Европа чөлкөмүндөгү 22 өлкөдө шекер кошулган суусундуктардын баасы жогорулагандан кийин кардарлар анын ордуна арзан, бирок пайдалуу азыктарды ала баштаганын көрсөткөн Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, мамлекет инфаркт, инсульт, бөйрөк оорулары, кант диабети ж.б. жугуштуу эмес оорулардын айынан чоң чыгымга учурайт. Мындан улам адистер ооруну алдын алуу үчүн калк арасында туура тамактануу, спорт менен машыгуу өңдүү көндүмдөрдү калыптандыруу керектигин эскертишет

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler