Tenqri
Baş sahypa
Dünýä

Кыргыз авиациясына Европага жол ачылды: "Манас" аэропорту ири хабга айланабы?

Кыргызстан акыркы 20 жылдан бери турган Европа биримдигинин "кара тизмесинен" расмий түрдө чыгарылды. Бул ата мекендик авиакомпанияларга Европага түз каттамдарды ачууга жол ачат. Бул окуялардын алкагында "Кыргызстан аэропорттору" ААК 6 млрд сомдук рекорддук таза кирешеге жетип, инфраструктураны масш

0 görüşkabar.kg
Кыргыз авиациясына Европага жол ачылды: "Манас" аэропорту ири хабга айланабы?
Paylaş:

Кыргызстан акыркы 20 жылдан бери турган Европа биримдигинин "кара тизмесинен" расмий түрдө чыгарылды. Бул ата мекендик авиакомпанияларга Европага түз каттамдарды ачууга жол ачат. Бул окуялардын алкагында "Кыргызстан аэропорттору" ААК 6 млрд сомдук рекорддук таза кирешеге жетип, инфраструктураны масштабдуу техникалык модернизациялоону ишке ашырууда. Анын ичинде заманбап Airbus А321 учактарын сатып алуу, жасалма интеллект технологияларын жана Борбор Азияда теңдеши жок жүктөрдү тейлөөнүн автоматташтырылган тутумун киргизүү иштери жүрүүдө "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов "Кабар" агенттигине билдиргендей, ата мекендик авиакомпаниялардын учактары 20дан ашык чет элдик авиаташуучулар менен түз кызматташат. Каттамдардын географиялык кулачын негизинен өлкөнүн башкы борбордук аба майданы – "Манас" аэропорту камсыз кылат. Бул жерден Россия, КМШ өлкөлөрү, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай жана Түркияга каттамдар аткарылып келет. Эми бул багыттарга Европа да кошулат Анын айтымында, бүгүн Кыргызстандын жарандык авиациясында тарыхый күн. Республика акыркы 20 жыл бою, тагыраагы, 2006-жылдан бери Европа биримдигинин "кара тизмесинде" турган. Үстүбүздөгү жылдын май айында Еврокомиссиянын жыйынтыктоочу отуруму өтүп, анда Кыргызстандын жарандык авиациясынын өкүлдөрү коргоодон ийгиликтүү өтүштү. Жыйынга 27 өлкө катышып, бардыгы бир добуштан Кыргызстанды колдошту. Муну менен өлкө "кара тизмеден" расмий түрдө чыкты Төрт жыл мурун президент Садыр Жапаров өлкөнү бул тизмеден чыгаруу боюнча жеке өзү тапшырма койгон, андан кийин жарандык авиация тармагында масштабдуу реформалар жүргүзүлгөн. Авиациялык тутум жана көзөмөл механизмдери толугу менен өзгөртүлдү. Натыйжада Кыргызстан эл аралык төрт ири аудиттен ийгиликтүү өттү "Мындан тышкары, ИКАОнун (Эл аралык жарандык авиация уюму) линиясы боюнча эки аудит өткөрүлдү. Бардык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кыргызстан ата мекендик жарандык авиация эл аралык стандарттарга толугу менен жооп берерин далилдеди. Азыр биз расмий түрдө кара тизмеден чыктык", - деди Манасбек Самидинов Учурда кыргызстандык авиакомпанияларда алыс аралыкка учуучу учактардын жоктугунан улам Европага түз каттамдарды аткаруу мүмкүнчүлүгү азырынча жок. "Кара тизмеде" турган кезде республика мындай ири аба кемелерин сатып ала алган эмес. Бирок эми, чектөөлөр алынгандан кийин Кыргызстандын жеке авиакомпаниялары да, Asman Airlines мамлекеттик компаниясы да Европа өлкөлөрүнө түз каттамдарды аткарууга жөндөмдүү учактарды сатып алышат "Үстүбүздөгү жылдын март айында биз келишим түзүп, эки даана Airbus A321 учагын сатып алдык. Биз кара тизмеден чыгуу долбоорунун ийгиликтүү болоруна ишенгендиктен, дароо Европага уча ала турган учактарды сатып алганбыз. Бул учактар 2027-жылдын март айында келет. Алар Кыргызстандын жарандык авиациясынын флагмандары болуп калат. Лайнерлер эки класстуу (бизнес жана эконом) компоновкага ээ болуп, мультимедиа тутумдары менен жабдылат жана жергиликтүү авиакомпанияларда азырынча теңдеши жок ыңгайлуулукту сунуштайт. Учактар келери менен биз дароо Германияга каттамдарды ачабыз", - деп баса белгиледи Самидинов Ал ошондой эле жетекчилик 2027-жылдын мартын жөн эле күтүп отурбай турганын, европалык авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр азыртадан эле башталарын жана Кыргызстан өз тарабынан аларга эң ыңгайлуу шарттарды сунуштоого даяр экенин белгиледи Эгерде жылдары ишкананын кирешеси 2 млрд сомго чейин болсо, учурда "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын таза кирешеси рекорддук 6 млрд сомго жетти "Ички жүргүнчүлөрдү ташууну камсыз кылуу үчүн бизде 2,5 жылдан бери ийгиликтүү иштеп жаткан Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы бар. Анын паркы Канадада өндүрүлгөн үч даана турбовинттүү учактан турат. Ал ички каттамдарды аткарат, ал эми туристтик сезондо Алматы жана Ташкент шаарларынан Тамчыга (Ысык-Көл) каттамдарды жүргүзөт. Ушундай эле төртүнчү учак Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында келет. Мындан тышкары, жогоруда айтып кеткендей эки Airbus учагынын келиши күтүлүүдө. Муну менен катар, ушул жылдын күзүнө чейин дагы эки лайнерди сатып алуу боюнча Airbus компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бул таптакыр жаңы учактар болот, аларды чыгарууга 4-5 жылдай убакыт кетет. Күтүп убакыт жоготпош үчүн, биз параллелдүү түрдө учактарды лизингге алып жатабыз. Биздин алдыбызда эл аралык лизинг куралдарын колдонууга жол ачылды жана биз авиапаркыбызды акырындап көбөйтөбүз", - деп түшүндүрдү Самидинов Белгилей кетсек, аталган иш-чаралардын бардыгы насыяларды же сырткы инвестицияларды тартпастан, өзгөчө "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланууда. Президент Садыр Жапаров бул ресурстарды инфраструктураны модернизациялоого жана авиаташууларды тийиштүү деңгээлге чыгарууга багыттоо үчүн дивиденддердин 100%ын компаниянын ичинде калтырууну буйруган "Биздин башкы аба гаваныбыз – Бишкектеги "Манас" аэропорту учурда масштабдуу реконструкциядан өтүп жатат. Бул жылы биз учуп-конуу тилкесин жаңылоону толугу менен аяктап, жаңы конуу тутумдарын орноттук. Будан сырткары, инфраструктураны жакшыртып, заманбап техникаларды сатып алуудабыз, бул авиакомпанияларды тейлөөнүн сапатына түздөн-түз таасирин тийгизет. Чет элдик авиаташуучулар жаңы каттамдарды ачуу үчүн бизге аудит менен келгенде, биз алардын катаал талаптарына жооп беришибиз керек. Биз буга даярданып жатабыз. Биздин аэропорт Жер планетасында бар болгон аба кемелеринин каалаган түрүн кабыл алууга кудуреттүү. Биз бир орунда турбай, өнүгүп, инвестиция жумшап жатабыз. Европа каттамдары ачылган учурга чейин инфраструктура толугу менен даяр болот. Ошондой эле коңшу мамлекеттерден артта калбоо үчүн жаңы технологияларды, жасалма интеллектти, автоматташтырууну жана санариптештирүүнү активдүү киргизип жатабыз. Мындан сырткары, биз чөлкөмдүн тарыхында алгачкы жолу багажды автоматтык түрдө сорттоо тутумун ишке киргизип жатабыз. Мындай тутум коңшуларыбыздын эч кимисинде жок деп ишенимдүү айта алам. Бул - жүргүнчүлөрдүн бардык жүктөрүн автоматтык режимде сорттой турган кымбат баалуу жабдык", - деди Самидинов Өлкөнүн жарандык авиациясынын маанилүү бөлүгү И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту болуп саналат. Институттун директору Улан Курманов "Кабар" агенттигине билдиргендей, бүгүнкү күндө республиканын авиация тармагында иштеп жаткан адистердин 60%дан ашыгы аталган окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү "Биздин окуу жай кадрларды даярдап келе жатканына 50 жыл болду. Бүгүнкү күндө жарандык авиацияда болуп жаткан жаңылануулар жана реформылар - бул эң оболу бул тармакты жеке көзөмөлүнө алган президент Садыр Жапаровдун саясатынынын натыйжасы. Бул тармакта көп жылдар бою иштеп, ондогон жылдар бою чечилбей келген маселелер акыркы 3-4 жылда кандайча жөнгө салынганына күбө болдук. ЕБдин "кара тизмесинен" чыгуу - бул бирдиктүү жана баш кошкон команданын, мамлекет башчысынын тапшырмаларын так аткарган Жарандык авиация агенттигинин жетекчилигинин ишинин жемиши. Мындан тышкары, аэропорттор тармагында болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр жүрүүдө: бардык аймактык аэропорттордун толук реконструкцияланышы - бул чоң ийгилик. "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын жетекчиси Манасбек Самидинов өзгөчө натыйжаларга жетишти деп эсептейм", - деди Курманов Ал кошумчалагандай, институт өз ишмердүүлүгүн эл аралык стандарттарга толугу менен шайкеш келтирүү үстүндө жигердүү иштеп жатат. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында окуу жай Жарандык авиация агенттигинин сертификациясынан ийгиликтүү өттү, анын талаптары ИКАО жана Евробиримдиктин стандарттары менен толук шайкеш келтирилген Бир жыл мурун президент Садыр Жапаров институтка өзгөчө статус берген, бул окуу жайга академиялык жана каржылык эркиндик тартуулап, аны көптөгөн катаал улуттук бюрократиялык чектөөлөрдөн бошотту. Эми институт коммерциялык долбоорлорду түз ишке ашырып, тапкан каражатын өзүнүн өнүгүүсүнө багыттай алат Мындан тышкары, бүгүнкү күндө институттун түзүмүндө колледжде 1300 студент билим алса, жогорку билим берүү факультетинде дагы 1340ка жакын студент окуйт 20 жылдык изоляцияны жеңүү жана ЕБдин "кара тизмесинен" чыгуу Кыргызстандын алдында эбегейсиз экономикалык келечекти ачат. Рекорддук 6 млрд сомдук таза киреше жарандык авиацияга өзгөчө өздүк ресурстардын эсебинен өнүгүүгө мүмкүндүк берет. Заманбап Airbus лайнерлерин сатып алуу жана аэропортторду масштабдуу модернизациялоо Бишкекти Борбор Азиядагы атаандаштыкка жөндөмдүү, европалык жана дүйнөлүк аба мейкиндигине толук кандуу интеграцияланууга даяр авиахабга айлантууда

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler