Tenqri
Baş sahypa
Dünýä

"Бакчага бийлик өкүлдөрү басып барбайт". Тынч жыйындарды чектөө мөөнөтү узарды

Бишкектин Биринчи май районунун аймагында ушул жылдын 21-августтан 30-сентябрга чейин митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салынды Райондук соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, 25-июнда акимчилик тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салууну узартуу өтүнүчүн берип, сот аны канааттандырган Ушуну мене

0 görüşazattyk.org
"Бакчага бийлик өкүлдөрү басып барбайт". Тынч жыйындарды чектөө мөөнөтү узарды
Paylaş:

Бишкектин Биринчи май районунун аймагында ушул жылдын 21-августтан 30-сентябрга чейин митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салынды Райондук соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, 25-июнда акимчилик тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салууну узартуу өтүнүчүн берип, сот аны канааттандырган Ушуну менен тынч жыйындарга чектөө киргенине төрт жыл үч айдын жүзү болду. Ага ылайык, Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан аянтка чейинки тилкесинде, Жогорку Кеңештин айланасында жана анын жанындагы Панфилов паркында, өкмөт үйүнүн алдында, Турсунбаева атындагы бакчада митинг-пикет өткөрүүгө тыюу салган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Жогорку соттун, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында да тынч жыйын өткөрүүгө чектөө киргизилген Акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот. Бийлик ушул жерде жыйын өткөрүүгө эч кандай чектөө жоктугун негиздеп келет. Активисттер, укук коргоочулар Кыргызстан алган эл аралык милдеттенмелерди, Баш мыйзамдын талаптарын эске салышууда. “Интербилим” коомдук уюмунун мүчөсү Гүлгаакы Мамасалиева буларга токтолду: “Жарандар тынч жыйындарды демейде чечим кабыл ала турган мекемелердин алдында өткөрүшөт. Мындагы максат чечим кабыл аларда жетекчилер ушул реакцияларды көрсүн, элдин үнүн уксун дегени. Мисалы, мындай жыйындар бакчада өтө турган болсо, ал жакка чечим кабыл ала турган жетекчи барбайт. Ошол үчүн мындай акциялар алар жумушка бара турган жолдо, кеңсеге жакын жерде же жыйынга чогулган даректе өткөнү зарыл. Мурда Жогорку Кеңештин айланасына чогулуп келгенибиздин да себеби ошол. Депутаттар жумушка баратып биздин үнүбүздү уксун дечүбүз. Же болбосо президент көңүл бурушу үчүн Манас проспектисинде же Ак үйдүн алдында уюштурган учурлар болду. Биздин сунуш-пикирибизди колдогон адамдар да катарыбызга кошулуп, коомдук пикир пайда болушу үчүн эл көп жерлерде да өтүп калчу. Дагы бир маанилүү нерсе – тынч жыйындар, акциялар дайыма эле бийликке кайрылуу үчүн болбойт. Кээде социалдык маселе же саламаттыкка байланыштуу болуп, оорукананын алдында өткөрүүгө туура келет. Ошондуктан жарандардын каалаган жерге топтолуп, жыйын өткөрүүсүнө уруксат берүү керек”, - деди Мамасалиева Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун да тынч жыйындарды чектөөсүз өткөрүү Баш мыйзамда каралган укук экенин белгиледи “Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын 39-беренесинин негизинде тынч жыйындарды өткөрүү эркин болуп эсептелет. 2022-жылдан бери Кыргызстандын Баш мыйзамы одоно бузулуп келатат. Эл аралык коомчулук көз салып, баалап аткандан кийин анын мөөнөтүн узартпай эле эркин кылып коюшу керек болчу. Ушуну менен Конституциянын төрт, Адам укуктары боюнча декларациянын алты беренеси бузулуп жатат. Азыр мындай чектөөгө эч кандай негиз жок. Пикетке чыккан бирөө жок, митинг уюштургандар жок”, - деди Акун Кыргызстанда жарандарга каалаган жерде тынч жыйын өткөрүүгө соттун чечими менен чектөө кирип келсе, эми аны мыйзам аркылуу биротоло жөнгө салуу сунушу берилди. Жогорку Кеңештин депутаттары Нурбек Сыдыгалиев менен Кубанычбек Самаков демилгелеген долбоордо тынч жыйындарды бийлик белгилеп берген жерлерде гана өткөрүү сунушталган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каттоого алынган, азырынча депутаттар карай элек “Муну эми күзүндө карайбыз. Азырынча коомдук талкууда. Буга чейинки мыйзамга толуктоо киргизип, иреттөө негизинде гана болуп жатат. Мында эч кандай чектөө жок. Ага Конституция да уруксат бербейт. Биздин максат жөн гана иреттеп коюу”, - деди Самаков “Азаттыкка” Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 6-декабрда Ош облусунун Өзгөн районундагы сапары учурунда сүйлөп жатып, Кыргызстанда туруктуулук орноп, акыркы үч жылда бир да митинг болбогонун айткан Ал эми ошол эле жылдын 31-августунда Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасында ал Кыргызстанда авторитардык башкарууга жол бербей турганын айткан жана сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана күчтүү экономика эгемендиктин өзөгүн түзө турганын белгилеген “Азыр деле “Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат” деген баш адаштырган азгырма жол менен кетүүнү таңуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө коопсуздукка суроо-талап болушунча өсүп жатканына күбө болуп келебиз. Азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына адекваттуу башкаруу системасы гана тийиштүү деңгээлде жооп бере алат деп баса белгилеп айтар элем”, - деген Жапаров

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler