Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Жапаров Кипрдин тышкы иштер министри менен инвестиция жана каржы секторун талкуулады

Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбосту кабыл алганын президенттик аппараттан билдиришти. Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин жана эл аралык платформаларда өз ара аракеттенүүнү талкуулашты Жолугушууда расмий өкүлдө

0 көрүүeconomist.kg
Жапаров Кипрдин тышкы иштер министри менен инвестиция жана каржы секторун талкуулады
Paylaş:

Садыр Жапаров Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кипрдин тышкы иштер министри Константинос Комбосту кабыл алганын президенттик аппараттан билдиришти. Тараптар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечегин жана эл аралык платформаларда өз ара аракеттенүүнү талкуулашты Жолугушууда расмий өкүлдөр туризм тармагында кызматташуу, инвестиция тартуу, каржы секторун жана банктар аралык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды Константинос Комбос Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, бул чечим эл аралык коомчулуктун жогорку ишенимин чагылдырарын белгиледи. Анын айтымында, сапар эки өлкөнүн мамилесине жаңы дем берүү максатын көздөйт Кыргызстандагы негизги экономикалык жаңылыктарга көз салыңыз - Telegram жана WhatsApp тармактарындагы Economist.kg каналдарына жазылыңыз. Биз ошондой эле Facebook, Instagram, Threads жана X тармактарындабыз. Бизге кошулуңуз жана ар дайым эң маанилүү нерселерден кабардар болуңуз!

Kaynak: economist.kg

Diğer Haberler