Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Казакстандын экс-президентинин басма сөз катчысы: Назарбаев саясатка аралашпайт

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев бир кезде өзү негиздеген “Аманат” партиясынын мүчөсү эмес жана андагы учурда болуп жаткан өзгөрүүлөргө эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай “Азаттыктын” казак кызматынын суроосуна жооп берип жатып билдирди "

0 көрүүazattyqasia.org
Казакстандын экс-президентинин басма сөз катчысы: Назарбаев саясатка аралашпайт
Paylaş:

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев бир кезде өзү негиздеген “Аманат” партиясынын мүчөсү эмес жана андагы учурда болуп жаткан өзгөрүүлөргө эч кандай тиешеси жок. Бул тууралуу Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Укибай “Азаттыктын” казак кызматынын суроосуна жооп берип жатып билдирди "Нурсултан Абишевичтин [партияга] кандай тиешеси бар? Ал 2019-жылы [Казакстандын президенти] кызматынан кеткен", — деди Үкибай. Анын айтымында, Назарбаев азыр саясатка аралашпайт Казакстанды 30 жылдай башкарган Нурсултан Назарбаев 2019-жылы президенттиктен кеткен. Бирок ал Коопсуздук кеңешинин төрагасы жана «Нур Отан» партиясынын (азыркы Аманат) төрагалык кызматтарын 2022-жылдын январь окуясына чейин сактап келген Партияны 1999-жылы Нурсултан Назарбаев "Отан" деген ат менен негиздеген. 2006-жылы уюм "Нур Отан" деп аталып, 2007-жылы Назарбаев анын төрагалыгына расмий киришкен. Ал бул милдетти 2022-жылга чейин үзгүлтүксүз аткарган 2022-жылдын 28-январында партиянын аталышы өзгөртүлүп, анын төрагасы болуп президент Касым-Жомарт Токаев дайындалган. Кийинчерээк Конституцияга президент саясий партияга мүчө болбошу керек деген норма киргизилип, андан кийин Токаев Аманаттын төрагалыгынан кеткен Ошол эле учурда “Аманат” партиясы жаңы “Адилет” партиясы менен биригүү чечимин талкуулап жатканы белгилүү болду. Саясий кеңештин 6-июндагы чукул жыйыны ушул маселеге арналганы кабарланды. Маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты, партиянын саясий кеңешинин бюро мүчөсү Эрлан Саиров тастыктады “Адилет” 2026-жылы түзүлгөн. Ал өзүн “Адилеттүү Казакстанды” курууну (бул терминди Казакстандын президенти Токаев киргизген – ред.), мыйзамдуулукту, мамлекеттин жарандар алдындагы жоопкерчилигин, мекенчилдикти жана акырындык менен реформаларды жүргүзүүнү жактаган центристтик саясий күч катары көрсөтөт. Партиянын төрагалыгына Казакстандын президентинин администрациясынын мурдагы жетекчиси Айбек Дадебай шайланды Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler