Зеленский Орусиянын дагы бир чабуулун күтөт - Bloomberg
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия ушул жайда дагы бир чабуулун баштаарын билдирди. Бул тууралуу Bloomberg билдирет Агенттиктин булактары украин президенти союздаштарына быйыл жайында орус аскерлеринин кезектеги чабуулун күтөөрүн айтканын билдирди Ошол эле учурда Зеленский орус күчтө

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия ушул жайда дагы бир чабуулун баштаарын билдирди. Бул тууралуу Bloomberg билдирет Агенттиктин булактары украин президенти союздаштарына быйыл жайында орус аскерлеринин кезектеги чабуулун күтөөрүн айтканын билдирди Ошол эле учурда Зеленский орус күчтөрү азырынча олуттуу ийгиликтерге жетише электигин жана алар чоң жоготууларга учурап жатканын баса белгиледи Bloomberg ошондой эле Украина Батыш союздаштарынан зениттик-ракеталык системаларды жана тосуучу ракеталарды жеткирүүнү тездетүүнү суранып, дагы бир кышка катуу бомбалоолорго даярданууну суранып жатканын жазды. Бул Киевдин Москва менен күрөшүндөгү кезектеги оор учур болушу мүмкүн Украина өзгөчө америкалык Patriot абадан коргонуу системаларын алууга кызыкдар. Бул олуттуу көлөмдө чыгарылган жана орус баллистикалык ракеталарына эффективдүү каршы тура алган жалгыз курал Эске салсак, Зеленский жакында эле Орусиянын саясий жетекчилиги оор жоготууларга карабастан, мындан аркы чабуулдарды пландаштырып жатканын жана мобилизацияны кеңейтүүгө даярданып жатканын айткан


