2026-жылы 12 миңге жакын кыргызстандык чет өлкөдөн жумуш тапты -
2026-жылдын беш айында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун көмөгү менен 12 миңдей кыргызстандык жумушка орношту. Бул тууралуу аталган борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев журналисттерге билдирди Анын айтымында, негизги популярдуу багыттар Улуу Британия (алты ай бою айыл чарба ишт

2026-жылдын беш айында Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун көмөгү менен 12 миңдей кыргызстандык жумушка орношту. Бул тууралуу аталган борбордун директору Бактыбек Кудайбердиев журналисттерге билдирди Анын айтымында, негизги популярдуу багыттар Улуу Британия (алты ай бою айыл чарба иштери), Болгария жана Түркия (мейманкана бизнеси), Германия жана Түштүк Корея болуп саналат "Мисалы, Корея бизге жыл сайын 3 миңге жакын квота бөлөт. Абитуриенттер корей тилин билүү боюнча сынак тапшырышат, Түштүк Кореядагы иш берүүчүлөр кызматкерлерин жынысы, жашы жана башкалар боюнча тандашат. Аларды тандап алгандан кийин биздин борбордо бир жумалык жолго чыгууга даярданабыз", - дейт Бактыбек Кудайбердиев EPS системасында учурда Кореяда 1,6 миңден ашык адам иштейт, алардын орточо айлык акысы айына 1,7 миң долларды түзөт. Мында жатаканага жана тамак-ашка кеткен чыгымдар иш берүүчү тарабынан жарым-жартылай же толугу менен жабылат Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Японияда ишке орноштуруу программасы 2027-жылдын апрелинен тарта өзгөрүп жатканын, андыктан учурда келишимдик негизде иш жүрүп жатканын кошумчалады "Жапонияда иштөө кыргызстандыктар арасында суроо-талапка ээ. Ведомстволор аралык келишимге кол коюу алдында турабыз. Биз жарандарыбызды аз айлык акы төлөнүүчү жумуштарга эмес, жогорку технологиялуу аймактарга жиберүүгө кызыкдарбыз, алар барып, өндүрүштө тажрыйба алып, өлкөгө кайтып келип, алган тажрыйбаны экономикабызды өнүктүрүүгө жумшаш керек. Японияда иштөө бир жылдан кем эмес, айлык маянасы 2 миң доллардан эмес", — деди ал Бактыбек Кудайбердиев белгилегендей, көбүнчө чет өлкөдө иштегендер айлык төлөнбөй калуу көйгөйүнө туш болушат "Негизинен Россия Федерациясында кездешет. Ал жакта 300 миңден ашуун жараныбыз бар, ал эми 2025-жылы биздин борбор жана жеке ишке орноштуруу агенттиктери аркылуу 2 миңге жакын адам гана Орусияга кеткен. Алар мыйзамдуу түрдө жумушка орношкон, бирок көптөгөн жарандар стихиялуу түрдө кетип жатышат. Алар дагы кошумча иштөө (8 сааттын ордуна 12 сааттык жумуш күнү) маселелерине дуушар болушат Белгилей кетсек, жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу менен борбордон тышкары жеке ишке орноштуруу агенттиктери да алектенет. Учурда республикада алардын саны 148, бирок саны тез-тез өзгөрүп турат Эмгек министрлигинин башчысынын айтымында, Кыргызстан сыяктуу кичинекей мамлекет үчүн бул көп


