Алматыда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгын чагылдырган адвокат эки айга камакка алынды
Адвокат Адилетхан Молдахан эки айга тергөө абагына камалды, деп билдирет Orda.kz Алматы полиция департаменти ал атайылап жалган маалымат тараткан деген шек менен кармалганын билдирди Буга чейин Адилетхан Молдахан Аль-Фараби проспектисинде адам өлүмү менен коштолгон резонанстуу кырсыкты чагылдырга

Адвокат Адилетхан Молдахан эки айга тергөө абагына камалды, деп билдирет Orda.kz Алматы полиция департаменти ал атайылап жалган маалымат тараткан деген шек менен кармалганын билдирди Буга чейин Адилетхан Молдахан Аль-Фараби проспектисинде адам өлүмү менен коштолгон резонанстуу кырсыкты чагылдырган. Басылмалардан кийин ал РИИБге суракка чакырылып, камакка алынганын анын кесиптеши социалдык тармактарда билдирди. Кийинчерээк сот жактоочуну 10 суткага камакка алган. Ал атайылап жалган маалымат тараткан деп айыпталган Эске сала кетсек, адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы 21-мартка караган түнү саат 03:30дар чамасында Аль-Фараби проспектисинде, Мендыкулов көчөсү менен кесилишкен жерде болгон. Милициянын маалыматы боюнча, Zeekr айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, Мерседес менен кагышкан. «Мерседес» унаасынын айдоочусу жана анын эки жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болуп, Zeekr айдоочусу жаракат алып ооруканага жеткирилген


