Ысык-Көлдө кол күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды
Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Корумду курорттук айылында кол күрөш (армрестлинг) боюнча XXIV Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча XXIII Азия чемпионаты старт алды Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, чоңдор жана өспүрүмдөр арасындагы чемпиона

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл облусунун Корумду курорттук айылында кол күрөш (армрестлинг) боюнча XXIV Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча XXIII Азия чемпионаты старт алды Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, чоңдор жана өспүрүмдөр арасындагы чемпионатка Азиянын 20 мамлекетинен келген спортчулар катышууда Салтанаттуу ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана Спорт агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышты Асанбаев өз сөзүндө армрестлинг боюнча Азия чемпионатынын Кыргызстанда өтүп жатышы өлкө үчүн чоң сыймык экенин белгилеп, мелдеш спортчулардын мүмкүнчүлүгү чексиз экенин дагы бир жолу далилдей турган маанилүү аянтча болуп саналарын айтты Белгилей кетсек, мелдештер 14-июнга чейин уланат


