WSJ: Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президентине ыраазычылык билдирди
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Түндүк Кореянын аймагында түштүк кореялык учкучсуз учактарды көргөнү үчүн кечирим сурагандан кийин аны “ачык сүйлөгөн жана ачык пикирдүү” адам деп атады Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён Түндүк Кореянын аймагында түштүк кореялык учкучсуз учактарды көргөнү үчүн кечирим сурагандан кийин аны “ачык сүйлөгөн жана ачык пикирдүү” адам деп атады Бул тууралуу The Wall Street Journal (WSJ) Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо Чендин билдирүүсүнө таянып жазды Бул күтүүсүз жарыя Линин дүйшөмбү күнү Түндүк Кореянын аба мейкиндигинде учкучсуз учактарды учкан түштүк кореялыктар үчүн кечирим суроосунун натыйжасында келип чыкты. Бир нече сааттан кийин Ким Йо Чен инисинин ыраазычылыгын билдирип, Лини "абдан ийгиликтүү жана акылман жүрүм-туруму" үчүн мактады, деп жазат гезит WSJ Ли администрациясы КЭДР лидеринин билдирүүлөрүнө жооп кылып, "Корей жарым аралында тынчтыкта жанаша жашоого" үмүттөнөрүн белгиледи Январь айында Түндүк Кореянын армиясы Түштүк Кореяны өлкөнүн аба мейкиндигин бузду деп айыптаган. Буга жооп катары республика пилотсуз учактарды жеке адамдар учурганын билдирген. Анда Түштүк Кореянын прокуратурасы өлкөнүн үч жаранына душманга жардам берген деген айып тагган


