«Казцинк» заводундагы жарылуу: эки адам каза болду
5-май күнү эртең менен Усть-Каменогорск шаарындагы «Казцинк» заводунда болгон жарылуудан эки адам каза болуп, бешөө жарадар болгон. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө айтылат Окуя металлургиялык ишкананын аймагында болгон. «Казцинктин» алдын ала маалыматы боюнча, түтүн чыгаруучу түтүктөрдү таза

5-май күнү эртең менен Усть-Каменогорск шаарындагы «Казцинк» заводунда болгон жарылуудан эки адам каза болуп, бешөө жарадар болгон. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүндө айтылат Окуя металлургиялык ишкананын аймагында болгон. «Казцинктин» алдын ала маалыматы боюнча, түтүн чыгаруучу түтүктөрдү тазалоодо «жарылып, андан кийин өрт чыгып, конструкция жарым-жартылай кулаган» "Окуянын кесепетинен эки адам каза болуп, бешөө жабыркаган. Жабыркагандарга бардык керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Окуя болгон жерде тез жардам кызматы иштеп, кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Ар тараптуу жана объективдүү текшерүү жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлдү", — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө Окуянын себептери жана жагдайлары тууралуу азырынча маалымат жок Компания курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жабырлануучуларга материалдык жана психологиялык жактан бардык керектүү жардам жана колдоо көрсөтүүгө убада берди Ошол эле учурда айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, «жергиликтүү чаңдын чыгышы жол берилген ченемдерден ашпастан жана зыяндуу булгоочу заттарды чыгарбастан катталган» Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


