Токаев Роман Склярды Казакстандын президентинин администрация башчысы кылып дайындады
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Акордада ротация жүргүзүп, администрация башчысын алмаштырды Бул кызматка 2024-жылдан бери президенттик аппаратты жетектеп келген Айбек Дадебаевдин ордуна Роман Скляр дайындалды Буга байланыштуу Скляр мурда ээлеген кызматынан – биринчи вице-премьер-мин

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Акордада ротация жүргүзүп, администрация башчысын алмаштырды Бул кызматка 2024-жылдан бери президенттик аппаратты жетектеп келген Айбек Дадебаевдин ордуна Роман Скляр дайындалды Буга байланыштуу Скляр мурда ээлеген кызматынан – биринчи вице-премьер-министр кызматынан бошотулду 8-майда 55 жашка чыга турган Роман Скляр 1990-жылдардын аягынан бери мамлекеттик кызматта иштеп келет. Ал Павлодар жана Астана шаарларынын акимчиликтеринде, анын ичинде акимдин орун басары жана шаардык башкармалыктардын башчысы кызматтарын аркалаган 2019-жылдан бери ал өкмөттүн курамында: вице-премьер-министр болуп дайындалган. Ал бул кызматка эки жолу кайра дайындалган 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Скляр Казакстандын биринчи вице-премьер-министри болгон Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


