Өзбекстанда Экинчи Дүйнөлүк Согуштун ардагерлерине 2500 долларга жакын акча берилет
Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 9-май — Эскерүү жана урматтоо күнүнө карата 30 миллион сум (болжол менен 2500 доллар) өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул бериле турганын президент Шавкат Мирзиёев бейшембидеги жыйында билдирди Өкмөт жалгыз бой ардагерлердин жана муктаж болгондордун турак-жай шартта

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине 9-май — Эскерүү жана урматтоо күнүнө карата 30 миллион сум (болжол менен 2500 доллар) өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул бериле турганын президент Шавкат Мирзиёев бейшембидеги жыйында билдирди Өкмөт жалгыз бой ардагерлердин жана муктаж болгондордун турак-жай шарттарын жакшыртууга жардам берет. Ар кандай эскерүү жана майрамдык иш-чаралар уюштурулат Өзбекстандын эгемендүүлүк жылдарында кызмат өтөп жатып каза болгон аскер кызматкерлеринин элеси да эскерилет. Алардын үй-бүлөсүнө материалдык да, моралдык да колдоо көрсөтүлөт Республика боюнча “Милдет, эрдик, туруктуулук!” деген ураандын алдында патриоттук жана тарбиялык иш-чаралар өткөрүлөт 2025-жылы ардагерлерге 10 000 доллар, ал эми 2024-жылы 20 миллион сум (1 650 доллар) алынган Бул веб-сайттын материалдарын алдын ала жазуу жүзүндөгү уруксатысыз кайра чыгарууга же таратууга болбойт рахмат. Биз сиздин билдирүүңүздү алдык жана катаны жакында оңдойбуз


