Жогорку Кеңеште Папан айыл өкмөтүндөгү мектеп жана жол коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлдү
Билим АКИpress - Жарым кылым мурун курулган мектепте окуучулардын көптүгү жана билим берүү мекемелеринин жанында тротуарлардын жоктугу Ош облусунун тургундарына көйгөй жаратып жатканын депутат Махабат Мавлянова 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди Анын айтымында, 1970-жылдары курулган мекте

Билим АКИpress - Жарым кылым мурун курулган мектепте окуучулардын көптүгү жана билим берүү мекемелеринин жанында тротуарлардын жоктугу Ош облусунун тургундарына көйгөй жаратып жатканын депутат Махабат Мавлянова 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди Анын айтымында, 1970-жылдары курулган мектептердин бири окуучулардын саны өскөндүктөн азыркы талаптарга жооп бербейт Депутат 2027-жылдын планына жаңы имарат куруу мүмкүнчүлүгүн кароону суранды Ал Папан айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын биринде тротуарлардын жоктугу боюнча маселени көтөрдү Анын айтымында, жол боюнда мектептер бар, жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз инфраструктуранын жоктугу балдарга жана башка тургундарга коркунуч жаратууда «Тротуарларсыз абал кооптуу бойдон калууда, анткени адамдар жолдун жээгинде жүрүүгө аргасыз болууда», - деп белгиледи депутат


