Түркияда Кыргызстандын жараны кармалды
Тышкы иштер министрлиги Түркияда Кыргызстандын жараны Э.С. кармалганы тууралуу маалыматка комментарий берди Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул маселе ведомствонун жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө Кармалган жарандын жакын туугандары менен ба

Тышкы иштер министрлиги Түркияда Кыргызстандын жараны Э.С. кармалганы тууралуу маалыматка комментарий берди Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул маселе ведомствонун жана Кыргыз Республикасынын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринин көзөмөлүндө Кармалган жарандын жакын туугандары менен байланыш үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Элчилик Түркиянын компетенттүү органдары менен биргеликте Э.С. жана кармоонун жагдайларын жана себептерин тактоо, деп белгиледи Тышкы иштер министрлиги Белгилей кетсек, "Азаттык" Э.С. түрк бийлиги террордук уюм деп тааныган дин дааватчысы Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылы менен байланышы бар деп шектелип жатканын кабарлаган Колдо болгон маалыматтарга караганда, 22-майда ал киши суракка чакырылып, 23-майда камакка алынган. Э.С. аялы жана үч баласы менен Бишкек-Анкара-Түндүк Кипр рейси менен учуп баратканда Анкарадагы Эсенбога эл аралык аэропортунда укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган Маалым болгондой, 2014-жылы Э.С. Түркиянын Измир шаарында машыгуудан өткөн Иллюстративдик сүрөт башкы бетте: ankara.su


