"Чакан ГЭСи" Орусиянын "Ракурс-инжиниринг" компаниясы менен Акчабарда кызматташат
Бизнести жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча эң ири эл аралык аянтчалардын бири болгон Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында «Чакан ГЭС» ААК менен россиялык «Ракурс-инжиниринг» компаниясынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду Документке «Чакан ГЭС» А

Бизнести жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча эң ири эл аралык аянтчалардын бири болгон Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында «Чакан ГЭС» ААК менен россиялык «Ракурс-инжиниринг» компаниясынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду Документке «Чакан ГЭС» ААК башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков жана «Ракурс-Инжиниринг» компаниясынын башкы директору Леонид Чернигов кол коюшту Меморандумга кол коюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясынын Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышуусунун алкагында өттү. Делегациянын курамында «Чакан ГЭС» ААК башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков да бар Меморандум чакан ГЭСтердеги өндүрүш процесстерин автоматташтыруу, технологиялык башкаруунун заманбап автоматташтырылган системаларын (АПКС) киргизүү, ошондой эле тажрыйба жана алдыңкы инженердик чечимдерди алмашуу боюнча кызматташууну карайт «Чакан ГЭС» ААК башкы директорунун биринчи орун басары Улан Кылышбеков белгилегендей, чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын энергетикалык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Анын айтымында, заманбап технологиялык чечимдерди жана эл аралык тажрыйбаны тартуу иштеп жаткан объектилердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатат жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында жаңы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кошумча шарттарды түзөт «Ракурс-инженеринг» компаниясы электр энергетикалык объектилерди автоматташтыруу системасын иштеп чыгуучулардын алдыңкыларынын бири болуп саналат. Белгилей кетсек, компания Кыргыз Республикасынын энергетикалык объектилери менен кызматташуунун ийгиликтүү тажрыйбасына ээ. Буга чейин компания Камбар-Ата, Токтогул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай ГЭСтерин модернизациялоого жана жабдууларды жеткирүүгө катышкан Меморандумга кол коюу «Чакан ГЭС» ААКнын Кыргызстанда заманбап технологияларды киргизүүгө, энергетикалык объектилердин натыйжалуулугун жогорулатууга жана чакан гидроэнергетиканы андан ары өнүктүрүүгө умтулуусун ырастайт Кабардар болуңуз! Биздин Telegramга жазылыңыз


