Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Жаш көрүүчүлөр театрында “Эрдик эне жана анын балдары” спектаклинин бет ачары болду

«Маданият» (АКИpress) - 6-июнда Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында Бертолт Брехттин пьесасы боюнча коюлган «Эрдик эне жана анын балдары» спектаклинин бет ачары болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Спектаклди «Учур» мамлекеттик жаштар теат

0 көрүүakipress.org
Жаш көрүүчүлөр театрында “Эрдик эне жана анын балдары” спектаклинин бет ачары болду
Paylaş:

«Маданият» (АКИpress) - 6-июнда Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында Бертолт Брехттин пьесасы боюнча коюлган «Эрдик эне жана анын балдары» спектаклинин бет ачары болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Спектаклди «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын артисттери аткарышты. Классикалык чыгарманы кыргыз тилине Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Б.Жакиев которгон Режиссёр Дмитрий Лимбос согуштун адам тагдыры жана келечеги үчүн оор кесепеттеринин философиялык аспектилерин ачып берди. Спектаклде согушту пайданын булагы катары көргөн Анна Фиерлингдин трагедиялуу тагдыры жана анын эң кымбат адамдарынан – балдарынан ажырап калуусу чагылдырылган Продукция 16 жаштан жогорку көрүүчүлөргө арналган, анын узактыгы 1,5 саат

Diğer Haberler