Нигерияда жүздөгөн ислам согушкерлери соттолду
Нигерияда ушул аптада борбор шаар Абуджадагы массалык соттон кийин 400гө жакын согушкер күнөөлүү деп табылды Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу башкы прокурор Латиф Фагбеми билдирди Анын айтымында, соттун акыркы айлампасында 508 иш Федералдык Жогорку Сотко жөнөтүлгөн. Жыйынтыг

Нигерияда ушул аптада борбор шаар Абуджадагы массалык соттон кийин 400гө жакын согушкер күнөөлүү деп табылды Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, бул тууралуу башкы прокурор Латиф Фагбеми билдирди Анын айтымында, соттун акыркы айлампасында 508 иш Федералдык Жогорку Сотко жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында 386 иш боюнча айыптоо өкүмү чыгарылып, сегиз иш кыскартылып, экөө акталып, дагы 112 иш кийинкиге калтырылган Соттук териштирүүлөр Боко Харам жана ISWAP топтору менен байланышы бар шектүүлөрдү камтыйт жана 2000ден ашуун айыпталгандардын катышуусу менен 2017-жылы башталган кеңири адилеттүүлүк кампаниясынын бир бөлүгү Соттор беш жылга эркинен ажыратуудан өмүр бою эркинен ажыратууга чейин өкүм чыгарышкан. Ошондой эле соттолгондорду кийин коомго интеграциялоо үчүн реабилитациялоо жана де-радикализациялоо программаларынан өтүү каралууда 2009-жылы өлкөнүн түндүк-чыгышында башталган "Боко Харам" козголоңу он миңдеген адамдын өмүрүн алып, 2 миллиондон ашуун адамды жер которгон. Бул топ 2014-жылы Чибокто окуучу кыздарды уурдап кеткенден кийин кеңири белгилүү болгон Процесске эл аралык байкоочулар, анын ичинде БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын, Amnesty International жана Нигериянын адвокаттар ассоциациясынын өкүлдөрү көз салышты Соттордун кийинки этабы май айынын аягында күтүлүүдө


