Кыргызстанда токтотулган жана жокко чыгарылган лицензиялар тууралуу маалыматтар камтылган адвокаттардын реестри жүргүзүлөт
Бишкек (АКИpress) – Кыргызстанда адвокаттардын мамлекеттик реестри жүргүзүлөт, ага лицензиясы бар бардык адистер, анын ичинде ишмердүүлүгү токтотулган же лицензиясы жокко чыгарылган адистер кирет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Адвокатуранын юристтер кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова билд

Бишкек (АКИpress) – Кыргызстанда адвокаттардын мамлекеттик реестри жүргүзүлөт, ага лицензиясы бар бардык адистер, анын ичинде ишмердүүлүгү токтотулган же лицензиясы жокко чыгарылган адистер кирет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Адвокатуранын юристтер кеңешинин төрайымы Мейил Бегилерова билдирди Анын айтымында, бардык өзгөртүүлөр, анын ичинде тартиптик чаралар реестрге катталат Ал ошондой эле жарандар Кыргызстандын Адвокатурасынын алдындагы этика комиссиясына кайрылса болорун белгиледи. Бул орган арыздарды карап, мыйзам бузууга жол берген адвокаттарга чара көрөт Даттануулар белгиленген тартипте каралат Жогорку Кеңеште “Лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Адвокатура жөнүндө” жана “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда четке кагылды. Документ юристтерге адистердин жетишсиздиги болгон айрым аймактарда иштөөгө мүмкүндүк берүүчү “локализацияланган лицензияны” киргизүүнү карайт. Ошондой эле документ жүгүртүүнү санариптештирүү, юридикалык жардамдын аймактык бөлүмдөрүн кыскартуу, айрым кызматтарды онлайн режимине өткөрүү жана адвокаттык өз алдынча башкаруу системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү, анын ичинде мүчөлүк акыларды төлөө тартибин өзгөртүү сунушталууда


