Шуша декларациясы — бир туугандыктан союзга карай тарыхый жол
2021-жылдын 15-июнунда Азербайжандын маданий борбору Шуша шаарында кол коюлган «Азербайжан Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы союздук мамилелер боюнча Шуша декларациясы» эки боордош өлкөнүн мамилелеринин тарыхында жаңы жана сапаттык жактан жогорку баскычка негиз салды. Тарыхый Жең

2021-жылдын 15-июнунда Азербайжандын маданий борбору Шуша шаарында кол коюлган «Азербайжан Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы союздук мамилелер боюнча Шуша декларациясы» эки боордош өлкөнүн мамилелеринин тарыхында жаңы жана сапаттык жактан жогорку баскычка негиз салды. Тарыхый Жеңиштен кийин бошотулган Шушада кол коюлган бул документ Азербайжан-Түркия мамилелеринин өнүгүүсүн гана эмес, аймактын келечектеги геосаясий жана геоэкономикалык пейзажын да аныктаган маанилүү стратегиялык документ катары каралууда Президент Илхам Алиев белгилегендей, Шуша декларациясы Азербайжан-Түркия мамилелеринин тарыхый тамырларына, элдерибиздин орток баалуулуктарына, улуу лидерлер Мустафа Кемал Ататүрк менен Гейдар Алиевдин саясий мурасына негизделген. «Бир улут, эки мамлекет» философиясынын азыркы мезгилдеги эң жогорку саясий көрүнүшү Шуша декларациясында чагылдырылган Шуша декларациясы Азербайжан менен Түркиянын ортосундагы бир туугандык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин расмий түрдө союздаштык деңгээлине көтөрдү. Бул документ эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын укуктук жана саясий негиздерин чыңдап гана тим болбостон, мындан аркы аракеттердин багыттарын да аныктады. Декларация кызматташтыктын бардык негизги багыттарын, анын ичинде саясат, коопсуздук, коргонуу, экономика, энергетика, транспорт, билим берүү, маданият, маалымат саясаты жана диаспора ишмердүүлүгүн камтыйт. Ошентип Азербайжан-Түркия карым-катнаштары аймактык кызматташтык моделинен глобалдык маанидеги стратегиялык союздук платформага айланды Шуша декларациясынын маанилүү багыттарынын бири коопсуздук жана коргонуу жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо болуп саналат. Документте тараптар бири-биринин көз карандысыздыгына, эгемендигине, аймактык бүтүндүгүнө жана чек араларынын кол тийбестигине коркунуч жаралган учурда өз ара колдоо көрсөтүүсү керектиги өзгөчө баса белгиленген. Бул жобо эки өлкөнүн коопсуздугун гана камсыз кылбастан, бүтүндөй Түштүк Кавказ аймагындагы стабилдүүлүктү коргоого да кызмат кылат. Ошол эле учурда документ аймактагы реваншисттик жана деструктивдүү тенденциялардын алдын алуу жагынан маанилүү саясий билдирүү болуп саналат Азербайжандын Ата Мекендик согуштагы тарыхый жеңишинен кийин түзүлгөн жаңы геосаясий реалдуулуктардын фонунда Шуша декларациясы аймактагы узак мөөнөттүү тынчтык жана кызматташтык үчүн ишенимдүү саясий негиз түзөт Шуша декларациясынын маанилуу багыттарынын бири экономикалык кызматташтыкты мындан ары кецейтуу болуп саналат. Документ өз ара инвестиция тартууга, соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө, экономиканы диверсификациялоого жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жагымдуу шарттарды түзөт. Азербайжандын бошотулган аймактарында жүргүзүлүп жаткан масштабдуу калыбына келтирүү жана курулуш иштерине түрк фирмаларынын активдүү катышуусу эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгынын реалдуу натыйжаларын көрсөтүп турат Карабак жана Чыгыш Зангезур экономикалык райондорунда ишке ашырылып жаткан долбоорлор аймактын инвестициялык жагымдуулугун гана жогорулатпастан, жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө Шуша декларациясы ошондой эле энергетикалык коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө түрткү берет. Евразиянын энергетикалык картасында маанилүү позицияга ээ болгон Азербайжан жана Түркия аймактык жана глобалдык энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууда стратегиялык ролду ойношот Шуша декларациясында чагылдырылган маанилүү маселелердин бири – аймактык транспорт жана коммуникация долбоорлорун өнүктүрүү. Айрыкча, Зангезур коридорун ачуу перспективасы түрк дүйнөсүнүн интеграциясы жагынан стратегиялык мааниге ээ. Бул долбоор Азербайжанды Түркия менен Нахчыван аркылуу байланыштыруудан тышкары, Европа менен Борбордук Азиянын ортосунда жаңы экономикалык жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзөт Карс-Игдир-Нахчыван темир жол долбоору жана Баку-Тбилиси-Карс темир жол линиясы менен интеграциянын келечеги Ортоңку коридордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн дагы да жогорулатат. Ошентип, Шуша декларациясы эки тараптуу мамилелерди гана эмес, жалпы евразиялык мейкиндикте экономикалык интеграцияны өнүктүрүүгө кызмат кылган стратегиялык платформа болуп саналат Декларацияда Азербайжан менен Түркиянын тышкы саясат жаатындагы координацияланган ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленет. Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоону улантууга, аймактык жана глобалдык коопсуздук маселелери боюнча бирдиктүү позицияны көрсөтүүгө макулдашышты. Мындай мамиле эки өлкөнүн эл аралык аброюн дагы да бекемдеп, улуттук кызыкчылыктарын коргоп, дүйнөлүк процесстерге таасирин тийгизет анын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кызмат кылат Азербайжан менен Түркия аймактык деңгээлде гана эмес, эл аралык деңгээлде да маанилүү саясий демилгелердин авторлору жана катышуучулары катары чыгышууда Шуша декларациясы түрк дүйнөсүнүн биримдиги жана интеграциясы жагынан да чоң мааниге ээ. Документ Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында кызматташууну кеңейтүү, жалпы кызыкчылыктарды коргоо жана түрк элдеринин ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт Маалыматтык саясат, медиа кызматташуу жана диаспоралардын ишмердүүлүгүн координациялоо тармагында каралган механизмдер эл аралык маалымат мейкиндигинде бекем жана бирдиктүү позицияны калыптандырууга кызмат кылат. Бул жагынан алганда, Шуша декларациясы бир гана Азербайжан-Түркия мамилелеринин эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн стратегиялык келечегин аныктаган маанилүү саясий документ катары каралууда Жалпысынан Шуша декларациясы Азербайжан-Түркия мамилелеринин бийик жерлеринин бири, ошондой эле аймактын келечектеги өнүгүү багыттарын аныктаган маанилүү геосаясий документ деп айта алабыз. Азад Шушада кол коюу бул документке өзгөчө тарыхый жана саясий маани берди Бүгүнкү күндө Азербайжан менен Түркиянын ортосунда түзүлгөн союздук мамилелер аймактык коопсуздуктун, экономикалык өнүгүүнүн, энергетика тармагындагы кызматташтыктын жана түрк дүйнөсүнүн интеграциясынын негизги түркүктөрүнүн бири болуп саналат. Шуша декларациясы эки боордош мамлекеттин жалпы эркинин, стратегиялык көз карашынын жана келечекке умтулган кызматташуу моделинин жаркын көрүнүшү катары тарыхта татыктуу ордун ээледи Мехрибан Валиева, Милли Межлистин депутаты


