Кыргызстанда 756 адвокаттын лицензиясы жокко чыгарылды
Бишкек (АКИpress) – Кыргызстанда 2024-жылы 756 адвокаттын лицензиясы жокко чыгарылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бигелирова билдирди Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 3009 юрист каттоодо турат, алардын 709у башка мамлекеттик органдарда же чет өлкөл

Бишкек (АКИpress) – Кыргызстанда 2024-жылы 756 адвокаттын лицензиясы жокко чыгарылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында адвокаттар кеңешинин төрайымы Мейил Бигелирова билдирди Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 3009 юрист каттоодо турат, алардын 709у башка мамлекеттик органдарда же чет өлкөлөрдө иштегендигине байланыштуу ишин убактылуу токтоткон Юстиция министринин орун басары Данияр Калматов этика боюнча комиссия бар экенин тактады: 2024-жылы 585 арыз, 2025-жылы 490 арыз түшкөн. 21 учурда мыйзамды одоно бузган лицензиялар токтотулган же жокко чыгарылган Талкууда депутат Таалайбек Сарыбашов адвокаттардын статистикасындагы айырмачылыктар боюнча маселени көтөрүп, ар кандай маалыматтар боюнча алардын саны 3 миңден 4 миң 700гө чейин өзгөрүп жатканын белгиледи Адвокаттар кеңешинин төрагасы буга чейин өлкөдө 3600дөй адвокат бар экенин түшүндүрдү. 2024-жылы Юстиция министрлиги менен биргеликте лицензияларды инвентаризациялоо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында адвокатуранын мүчөсү болбогон жана иш жүзүндө ишмердүүлүгүн жүргүзбөгөн адамдардын 996 лицензиясы жокко чыгарылган Ал ошондой эле 2024-жылы 756 адвокаттын лицензиясы жигердүү эмес деп жокко чыгарылганын билдирди Депутат бир адвокатка канча адам бар экенин сурады. Юстиция министринин орун басары Данияр Калматовдун айтымында, бир адвокатка 20 миңдей адам туура келет. Депутат Сарыбашов бул сан жетишсиз экенин белгиледи: дүйнөлүк практикада бир адвокатка 2-3 миң адам туура келет Жогорку Кеңеште “Лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Адвокатура жөнүндө” жана “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Документ юристтерге адистердин жетишсиздиги болгон айрым аймактарда иштөөгө мүмкүндүк берүүчү “локализацияланган лицензияны” киргизүүнү карайт. Ошондой эле документ жүгүртүүнү санариптештирүү, юридикалык жардамдын аймактык бөлүмдөрүн кыскартуу, айрым кызматтарды онлайн режимине өткөрүү жана адвокаттык өз алдынча башкаруу системасына өзгөртүүлөрдү киргизүү, анын ичинде мүчөлүк акыларды төлөө тартибин өзгөртүү сунушталууда


