Кыргызстанда Бажы кызматкерлери Таиланддан келген посылкадан баңгизат табылганын кабарлашты
Бишкек шаарында бажы кызматкерлери баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте эл аралык почта аркылуу кара куурай баңгизатын ташып келе жаткан топту аныкташты. Бул тууралуу «Северная» темир жол бажы башкармалыгы билдирди Маалыматка ылайык, 21-мартта “Кыргызпочтасы” эл

Бишкек шаарында бажы кызматкерлери баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте эл аралык почта аркылуу кара куурай баңгизатын ташып келе жаткан топту аныкташты. Бул тууралуу «Северная» темир жол бажы башкармалыгы билдирди Маалыматка ылайык, 21-мартта “Кыргызпочтасы” эл аралык почта алмашуу борборунда бажы көзөмөлү учурунда Таиланддан келген шектүү жүк табылган. Сканердик жабдыктын жардамы менен бүктөлүүчү отургучту текшерүү учурунда конструкциянын ичинен өсүмдүк тектүү катылган зат табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кеп жалпы салмагы 700 граммды түзгөн гашиш жөнүндө болуп жатат Кийинчерээк Бишкек шаарында жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө бул посылканы алган эки жаран кармалган Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


