Кыргызстанда 20 миңге жакын чет элдик жарандардын кыймылсыз мүлкү бар -
Кыргызстанда 20 миңге жакын чет элдик жаран кыймылсыз мүлккө ээ. Бул тууралуу Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Жакшы

Кыргызстанда 20 миңге жакын чет элдик жаран кыймылсыз мүлккө ээ. Бул тууралуу Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетика комплекси, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Жакшылык Токтосунов билдирди Анын айтымында, ведомствонун реестринде 3 миллион 546 миң 574 турак-жай бирдиги катталган "Жалпысынан 2025-жылы 91 миңге жакын сатып алуу-сатуу операциялары катталган, бул өткөн мезгилге салыштырмалуу 4,6 пайызга өскөн. Ошондой эле мүлктү мурастоо маселелери боюнча 34 миң бүтүм ишке ашырылган", - деп белгиледи Жакшылык Токтосунов Депутат Улукбек Ормонов чет элдиктер Кыргыз Республикасында кандай мыйзамдын негизинде кыймылсыз мүлккө ээ болуп жатканын сурады Мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары белгилегендей, Жер кодексине ылайык "Кыргыз Республикасындагы турак-жай чет элдиктерге сатылышы мүмкүн, бирок анын астындагы жер 49 жылга убактылуу гана пайдаланууга берилет. Эгерде КР жараны бул мүлктү кийинчерээк сатып алса, мүлктүн астындагы жер анын менчигине өтөт", - деп тактады ал Эл өкүлү ошондой эле айыл чарба багытындагы жерлер чет элдиктерге пайдаланууга берилип кеткен учурлар бар экенин кошумчалады Жакшылык Токтосунов белгилегендей, айыл чарба жерлери чет өлкөлүктөргө ижарага да, сатууга да берилбейт


