Кыргызстанда жайыт жерлеринин 24 проценти бузулган -
Кыргызстанда жайыт жерлердин 24 пайызы бузулган. Бул тууралуу бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында КР Суу жана айыл чарба министрлигинин башчысынын орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди Анын айтымында, өлкөд

Кыргызстанда жайыт жерлердин 24 пайызы бузулган. Бул тууралуу бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында КР Суу жана айыл чарба министрлигинин башчысынын орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди Анын айтымында, өлкөдө 8 миллион 985 миң 813 гектар жайыт жери бар "Талдоо 1 миллион 808 миң га жайыт жерлери деградацияга дуушар болгонун көрсөттү. Бул өзгөчө айылдарга жакын жайгашкан жайыттарга тиешелүү, анткени бул жерлер жыл бою активдүү пайдаланылат жана ал жерде мал көп топтолгон. Ошол эле учурда алыскы жайыттар бүгүнкү күндө толук пайдаланылбай жатат", - деп белгиледи Мирбек Дүйшеев Ал кошумчалагандай, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, жайыттарды өнүктүрүүнүн жылдарга программасы бар «2025-жылы 400 миңге жакын жайыт жерлери эс алууга калтырылса, 2026-жылы алар 335 миң гектар жерди калтырууну көздөп жатышат», - деп белгиледи Мирбек Дүйшеев


