Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Кыргыз Республикасында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы өткөрүү пункттарынын инфраструктурасы модернизацияланууда -

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасы менен өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын куруу жана модернизациялоо боюнча келишим түздү Келишимдин жалпы суммасы 80 миллион сомго жакын Мак

0 көрүү24.kg
Кыргыз Республикасында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы өткөрүү пункттарынын инфраструктурасы модернизацияланууда -
Paylaş:

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Кыргызкурулушсервис» мамлекеттик ишканасы менен өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын куруу жана модернизациялоо боюнча келишим түздү Келишимдин жалпы суммасы 80 миллион сомго жакын Макулдашуунун алкагында Сары-Челек мамлекеттик биосфералык аймагынын жана Кыргыз-Ата мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында заманбап өткөрүү пункттарын куруу каралган. Мындан тышкары, өлкөнүн 16 мамлекеттик жаратылыш парктары менен коруктарына автоматташтырылган өткөрүү пункттарын орнотуу пландаштырылууда Долбоор өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, зыяратчыларды каттоо тутумун жакшыртууга, финансылык кирешелердин ачыктыгын камсыз кылууга, ошондой эле жарандар жана туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган Заманбап автоматташтырылган чечимдер конокторду каттоо процесстерин санариптештирүүгө, адам факторунун таасирин минималдаштырууга, экологиялык объекттерде көзөмөлдү жана коопсуздукту күчөтүүгө, коррупциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө мүмкүндүк берет

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler