Кыргыз Республикасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жаңы билим берүү программалары даярдалууда
Кыргызстанда 18 жашка чейинки 37 миңден ашык бала мүмкүнчүлүгү чектелген. Алардын ичинен 29 миңден ашууну билим берүү системасы менен камтылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Билим берүү боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди Анын айтымында, бү

Кыргызстанда 18 жашка чейинки 37 миңден ашык бала мүмкүнчүлүгү чектелген. Алардын ичинен 29 миңден ашууну билим берүү системасы менен камтылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Билим берүү боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 2395 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп бар, аларда 1,5 миллионго жакын бала билим алат. Ошондой эле 1997 бала бакча бар, аларга 320 миңден ашык тарбиялануучу барат Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн 54 мектепте 86 коррекциялык класстар ачылып, анда 4270 окуучу билим алууда. Оор диагноз менен дагы 2311 бала атайын мекемелерде билим алууда. Ошондой эле, республика боюнча 650 мектепте мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алышат "Биз көп жылдардан бери инклюзивдик билим берүүнү киргизип келе жатабыз, бирок ал өлкөнүн бардык мектептеринде бар деп айта албайбыз. Бирок бул иш акырындык менен уланууда", - деди Жусупбекова Оор диагнозу бар балдарга мектепке чейинки билим берүү тармагында 24 адистештирилген бала бакчалар бар, аларда 2711 бала тарбияланат. Бир балдар үйү бар. Дагы 800гө жакын мүмкүнчүлүгү чектелген балдар кадимки бала бакчаларга барат. Жакынкы келечекте беш шаарда жаңы инклюзивдик топторду ачуу пландалууда "Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу үчүн атайын адаптацияланган программалар иштелип чыгууда. Учурда мындай тогуз программа боюнча иштер жүрүп жатат, анын үчөө эксперттер тарабынан жактырылган. Ошондой эле адистештирилген бала бакчалар үчүн жаңы окуу материалдары даярдалууда", - деди министрдин орун басары Жусупбекова кошумчалагандай, Каржы министрлиги бала бакчаларга баруу үчүн миң жолдомого каражат бөлгөн. Ага карабастан 1840 арыз түшкөн. Программанын аркасы менен 70 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жеке менчик мектепке чейинки мекемелерге барып жатышат Ваучердин өлчөмү бир балага айына 4560 сомду түзөт


