Стамбулдун консервативдүү районунда кемалчылар кармалды
Стамбулдун Үскүдар районунун муниципалитетинде курулушка уруксат берүүдөгү коррупцияны иликтөөнүн алкагында операция жүргүзүлдү. Операциянын жүрүшүндө 20 шектүү кармалган, анын ичинде муниципалитеттин башчысынын орун басары да бар Стамбул прокуратурасы тараткан билдирүүдө, Үскүдар муниципалитетини

Стамбулдун Үскүдар районунун муниципалитетинде курулушка уруксат берүүдөгү коррупцияны иликтөөнүн алкагында операция жүргүзүлдү. Операциянын жүрүшүндө 20 шектүү кармалган, анын ичинде муниципалитеттин башчысынын орун басары да бар Стамбул прокуратурасы тараткан билдирүүдө, Үскүдар муниципалитетинин имаратында жайгашкан муниципалитеттин филиалынын башкы директору Кент А.Ш., курулушка уруксат бергендиги үчүн подрядчылардан пара алганы жана бул муниципалитеттин башчысынын орун басары Филиз Девежинин тапшырмасы менен ишке ашырылганы айтылган. Билдирүүдө Үскүдар муниципалитети тарабынан курулушка жана жашоого уруксат берүүдө мыйзам бузууларды далилдеген көптөгөн санариптик материалдар алынганы белгиленген Операциядан кийин Үскүдар муниципалитети да жазуу түрүндөгү билдирүү таратты. Билдирүүдө муниципалитеттин карамагындагы филиалдагы мыйзамсыз кирешелер жана пара алуу фактылары чындыкка коошпойт деп айтылат. Үскүдар муниципалитети сот менен кызматташууга даяр экенин белгилеп: «Биз уланып жаткан сот процессинде чындык бардык жагынан ачыкка чыгаарына толук ишенебиз», - деп баса белгиледи Белгилей кетсек, 2024-жылдагы муниципалдык шайлоонун жыйынтыгы менен салттуу консервативдүү Үскүдар муниципалитети 30 жылдан бери биринчи жолу Республикалык элдик партиянын (CHP) көзөмөлүнө өттү


