Ош облусунун Кара-Суу районунда алгачкы ипотекалык турак-жай комплекси пайдаланууга берилди -
Бүгүн президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында жайгашкан “Асман резиденция” жаңы турак-жай комплексинин батирлеринин ачкычын тапшыруу аземине онлайн режиминде катышты Жаңы тургундарга беш кабаттуу беш кварталдан 225 батир берилди: 50 бир бөлмөлүү, 125 эк

Бүгүн президент Садыр Жапаров Кара-Суу районунун Ынтымак айыл аймагынын Жаңы-Арык айылында жайгашкан “Асман резиденция” жаңы турак-жай комплексинин батирлеринин ачкычын тапшыруу аземине онлайн режиминде катышты Жаңы тургундарга беш кабаттуу беш кварталдан 225 батир берилди: 50 бир бөлмөлүү, 125 эки бөлмөлүү жана 50 үч бөлмөлүү. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, комплекстин аймагында жайлуу жашоо үчүн зарыл шарттар түзүлдү: 830 чарчы метр аянттагы балдар аянтчасы жабдылды, 74 унаа үчүн жер үстүндөгү унаа токтотуучу жай, футбол аянтчасы жана спорт комплекси курулду Учурда долбоордун экинчи этабы ишке ашырылууда. 1,95 гектар кошумча аянтка беш кабаттуу жаңы турак жайларды куруу уланууда Садыр Жапаров өз сөзүндө бул долбоор жарандардын турак-жай маселесин чечүүгө багытталган мамлекеттик ипотекалык программаны ишке ашыруунун ачык мисалы экенин белгиледи «Өлкөбүздүн ар бир жаранынын өзүнүн турак-жайы болушу керек», - деп баса белгиледи мамлекет башчысы Кара-Суу Кыргызстандын эң ири райондорунун бири, анда турак жайга суроо-талап жогору бойдон калууда. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, жакынкы эки-үч жылда дээрлик 7 миң батирлүү 100дөн ашык көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалууда


