Ысык-Көл облусунда сел жүрдү. Унааларды көлдү көздөй агызып кеткени айтылууда (видео)
Ысык-Көл облусунун аймагында 5-июнь күнү кечинде сел жүрүп, Чолпон-Ата менен Булан-Сөгөттү (ком Комсомол) айылын байланыштырган унаа жолу жабылып калганын окуяга күбө болгондор Kaktus.mediaга билдиришти Алардын айтымында, көлдү көздөй агып бир нече унааны агызып кеткен "Жол жабык. Комсомол участо

Ысык-Көл облусунун аймагында 5-июнь күнү кечинде сел жүрүп, Чолпон-Ата менен Булан-Сөгөттү (ком Комсомол) айылын байланыштырган унаа жолу жабылып калганын окуяга күбө болгондор Kaktus.mediaга билдиришти Алардын айтымында, көлдү көздөй агып бир нече унааны агызып кеткен "Жол жабык. Комсомол участогуна келбегиле, коркунучтуу иштер болуп жатат. Бүтүндөй айылда свет жок", - деп белгилешет жергиликтүү тургундар жана ӨКМ окуя болгон жерде азыртан эле иштеп жатканын кошумчалашты Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Kaktus.media сайтына Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолу (100-чакырым) селден улам жабылганын билдирди. Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу иштеп жатат Сел адамдарды көлгө алып кеткени тууралуу маалымат азырынча тастыктала элек Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин саат 23:00гө карата берген маалыматы боюнча, учурда жеринде 73 адам иштеп жатат, анын ичинен 50 куткаруучу, анын жетөө суучулдар кызматынан, 15 Ички иштер министрлигинин кызматкери жана 8 тез жардам кызматынын дарыгерлери. Маршрутту тазалоого 24 техника тартылган


