Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Чүй облусунда суюлтулган газды мыйзамсыз сатуучу пункттар аныкталды -

Чүй облусунун Сокулук районунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы экологиялык-техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери коопсуздук талаптарын одоно бузуу менен суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу жана унааларга май куюу фактыларын, ошондой эле тиричилик г

0 көрүү24.kg
Чүй облусунда суюлтулган газды мыйзамсыз сатуучу пункттар аныкталды -
Paylaş:

Чүй облусунун Сокулук районунда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы экологиялык-техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери коопсуздук талаптарын одоно бузуу менен суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу жана унааларга май куюу фактыларын, ошондой эле тиричилик газ баллондорун аныкташты Ведомстводон билдиришкендей, текшерүү учурунда мыйзамсыз иштеп жаткан үч соода түйүнү аныкталган. Белгиленген коопсуздук талаптарына ылайык, эки объектинин ээлерине автоцистерналарды калктуу конуштардан тышкары алып чыгууга милдеттүү буйруктар берилди. Үчүнчү объектке уруксат суралып, текшерүү иштери жүрүп жатат Аталган кызмат калктуу конуштардын аймагында көчмө автогаз май куюучу станцияларды жана автоцистерналарды жайгаштырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынганын эскертти. Мындай объектилер абанын жогорку температурасы өрт жана жарылуу коркунучун кыйла жогорулаткан жай мезгилинде өзгөчө коркунуч туудурат Агенттик ишкерлерди коопсуздук талаптарын сактоого чакырат, анткени аларды бузуу өзгөчө кырдаалдарга алып келиши мүмкүн, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн, ошондой эле айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтириши мүмкүн

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler