Чүй облусунда баңги лабораториясы жоюлду: кылмышка шектүү төрт адам кармалды
«Кыскача маалымат» (АКИpress) - Чүй облусунда синтетикалык баңгизаттарды чыгарган жашыруун лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу 8-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Иликтөө иштеринин жүрүшүндө СБНОН кызматкерлери тарабынан ломбардчы 2002-жылы туулган А.М

«Кыскача маалымат» (АКИpress) - Чүй облусунда синтетикалык баңгизаттарды чыгарган жашыруун лабораториянын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу 8-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Иликтөө иштеринин жүрүшүндө СБНОН кызматкерлери тарабынан ломбардчы 2002-жылы туулган А.М.Т., ошондой эле андан ары сатуу максатында баңги затын таңгактап жүргөн 2001-жылы туулган К.У.И Андан соң чет элдик жарандар 1991-жылы туулган И.К.К., 1992-жылы туулган М.В.Ч. Тергөөнүн версиясы боюнча, алар Аламүдүн районунун айылдарынын биринде үйдү ижарага алып, ал жерде нарколаборатория уюштурушкан Тинтүү учурунда баңгизат менен күрөшүүчүлөр баңги затын өндүрүү үчүн жабдууларды жана керектелүүчү материалдарды, атайын кийимдерди, ошондой эле даяр баңги заттарын таап, алышкан. Тактап айтканда, Таиландда өндүрүлгөн 1 кг 400 гр мефедрон, 3 кг 50 гр афган гашиши жана 2 гр кара куурай майы алынган Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, кармалгандар 2025-жылдын ноябрь айынан бери «К» интернет-дүкөнүнөн баңги затын сатып келишкен. Учурда анын ишмердүүлүгү токтотулду Тергөө иштери уланууда


