Бишкекте авариялык электр жарыгы өчүрүлгөндөн кийин таза суу калыбына келтирилди
Бишкекте авариялык электр жарыгы өчүрүлгөндөн кийин таза суу калыбына келтирилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти Муниципалитеттин маалыматы боюнча, 6-июнь күнү саат 15:50дө электр энергиянын авариялык өчүрүлүшүнө байланыштуу шаарды таза суу менен камсыз кылуучу 12 суу алуучу ку

Бишкекте авариялык электр жарыгы өчүрүлгөндөн кийин таза суу калыбына келтирилди. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти Муниципалитеттин маалыматы боюнча, 6-июнь күнү саат 15:50дө электр энергиянын авариялык өчүрүлүшүнө байланыштуу шаарды таза суу менен камсыз кылуучу 12 суу алуучу курулмалардын жана насостук станциялардын иши убактылуу токтотулган Муниципалдык кызматтын адистери тарабынан объекттердин ишин калыбына келтирүү боюнча чаралар көрүлгөн. Учурда бардык суу алуучу курулмалар иштеп жатат, суу берүү толук калыбына келтирилди Мэрия борбор калаанын таза суу системасында 334 күчөткүч насостук станция бар экенин белгиледи. Технологиялык өзгөчөлүктөрдөн улам алардын айрымдары электр энергиясы өчүрүлгөндөн кийин автоматтык түрдө иштебейт жана этап-этабы менен кол менен ишке киргизүүнү талап кылат Саат 20:00гө карата адистер объекттерди карап чыгып, 47 насостук станцияларды ишке киргизишти. Ишти тездетүү үчүн кошумча эки ыкчам топ тартылды Суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү иштери бардык зарыл болгон чаралар аяктаганга чейин тынымсыз уланууда Мэрия кырдаал такай көзөмөлгө алынганын кошумчалады

