Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бишкекте Маданият жана искусство университетинин эки жаңы корпусунун курулушу уланууда

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетине эки жаңы окуу корпусунун курулушу уланууда Жантөшева көчөсү, 113 дарегиндеги университеттин башкы корпусуна жанаша жайгашкан аймакта жаңы окуу корпусу курулууда Курулуш министрлигинин

0 көрүүakipress.org
Бишкекте Маданият жана искусство университетинин эки жаңы корпусунун курулушу уланууда
Paylaş:

Билим АКИpress - Бишкек шаарындагы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетине эки жаңы окуу корпусунун курулушу уланууда Жантөшева көчөсү, 113 дарегиндеги университеттин башкы корпусуна жанаша жайгашкан аймакта жаңы окуу корпусу курулууда Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Эки блокто тең курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат. 3-кабатка чейин ички инженердик тармактар ​​тартылып, электр менен камсыздоо, байланыш жана интернет байланыш системалары тартылып, тиешелүү инженердик жабдууларды орнотуу иштери жүрүп жатат Мындан тышкары блоктордун биринде бешинчи кабаттын монолиттүү темир-бетон конструкцияларын монтаждоо иштери улантылууда. Буга катар эле имараттын фасадын жылуулоо жана жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө Долбоор боюнча окуу корпусу беш кабаттуу «А» жана төрт кабаттуу «Б» блокторунан турат. Имаратта окуу класстары, административдик жана көмөкчү жайлар жайгашат "Имарат пайдаланууга берилгенден кийин окуу жайдын материалдык-техникалык базасы кыйла чыңдалып, студенттер менен окутуучулар үчүн окуу жана чыгармачылык менен иштөө үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттар түзүлөт. Долбоордун ишке ашырылышы окуу процессинин сапатын жогорулатууга жана маданият жана искусство тармагындагы адистерди даярдоону жакшыртууга жардам берет", - деп кошумчалады Курулуш министрлиги

Diğer Haberler