Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бишкекте сейсмикалык изоляциялоочу тетиктерди чыгаруучу завод курулат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргызстанда биринчи жолу сейсмикалык изоляциялоочу тетиктерди чыгаруучу заводдун курулушуна убакыт капсуласын салуу аземине катышты Иш-чаранын алкагында КР Курулуш министрлиги менен кытайлык Nanjing Dade Technology Co

0 көрүүknews.kg
Бишкекте сейсмикалык изоляциялоочу тетиктерди чыгаруучу завод курулат
Paylaş:

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргызстанда биринчи жолу сейсмикалык изоляциялоочу тетиктерди чыгаруучу заводдун курулушуна убакыт капсуласын салуу аземине катышты Иш-чаранын алкагында КР Курулуш министрлиги менен кытайлык Nanjing Dade Technology Co компаниясынын ортосунда инвестициялык келишимге кол коюлду Министр өз сөзүндө сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо жана курулуш тармагына заманбап технологияларды киргизүү мамлекеттик саясаттын приоритеттүү багыттарынын бири экенин белгиледи Объект Бишкек ш., көч. Валиханова, 2. Долбоордо жалпы аянты 6222 чарчы метр болгон заводдун курулушу каралган. Жацы ендуруштук база жер титирееге туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун территориясында жайгаштырылат Ишке киргизилгенден кийин завод имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун жогорулатуу үчүн заманбап сейсмикалык изоляциялык компоненттерди чыгарат. Долбоор курулуш тармагына алдыңкы технологияларды киргизет, импортко көз карандылыкты азайтат жана объектилердин сейсмикалык коопсуздук деңгээлин жогорулатат Иш-чаранын соңунда министр аталган даректе жайгашкан Республикалык сертификаттоо борборунун курулуштагы сыноо лабораториясынын иши менен таанышты

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler