Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Бишкекте ысыкта жолго чыгып кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочуларына айып пул салынды -

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы ИИМдин Патрулдук-күзөт кызматы менен биргеликте жолдун Васильевский көчөсүндөгү тилкесинде жылуулук режимин сактоо боюнча рейд өткөрдү Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү абанын температурасынын жогорулашына жана учурда оор жүк ташуучу унаа

0 көрүү24.kg
Бишкекте ысыкта жолго чыгып кеткен жүк ташуучу унаанын айдоочуларына айып пул салынды -
Paylaş:

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы ИИМдин Патрулдук-күзөт кызматы менен биргеликте жолдун Васильевский көчөсүндөгү тилкесинде жылуулук режимин сактоо боюнча рейд өткөрдү Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү абанын температурасынын жогорулашына жана учурда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилгендигине байланыштуу уюштурулган. Белгиленген чектөөнү бузган жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына административдик протоколдор түзүлдү Текшерүүнүн жыйынтыгында 10 мыйзам бузуучу аныкталган. Салынган айыптардын жалпы суммасы 123 миң сомду түздү Муниципалдык инспекция жүк ташуучуларды жана айдоочуларды жылуулук талаптарын так сактоого жана каттамдарды пландаштырууда учурдагы чектөөлөрдү эске алууга чакырды Эске сала кетсек, май айынын аягында Бишкектин муниципалдык жолдорунда күндүз оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилген. Чектөөлөр 1-октябрга чейин абанын температурасы +28 градустан жогору болсо күчүндө болот. Эрежеге ылайык, салмагы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унааларга саат 9.00дөн 19.00гө чейин шаар ичинде жүрүүгө тыюу салынган. Иш-чаралар жайкы аптапта асфальттын үстүн сактап калуу зарылдыгына байланыштуу

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler