Ат-Башы менен Жети-Өгүздө кардын кесепетинен кыркылган мал кырылды
Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда аба ырайынын кескин начарлашынан жана калың жааган кардан улам майда жандыктардын өлүмү катталды. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Чабандарды колдоо үчүн жергиликтүү бийлик тоют запасы

Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда аба ырайынын кескин начарлашынан жана калың жааган кардан улам майда жандыктардын өлүмү катталды. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди Чабандарды колдоо үчүн жергиликтүү бийлик тоют запасын даярдап, аны жайыттарга жеткирүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери тарабынан камсыздалган. Ушул тапта Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө аба ырайы турукташып, кар эриди Кырдаал мамлекеттик органдардын көзөмөлүндө; ветеринарлар мониторинг жүргүзүүнү улантып, жергиликтүү малчыларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аймактардагы эпизоотиялык абал туруктуу деп бааланууда


