Астанада 8 миллиард теңгеге суткасына 50 тонна продукция өндүргөн эт комбинаты ишке кирет
Астана индустриалдык паркында 2026-жылдын экинчи кварталында Astana ETCOM компаниясынын эт комбинатын ишке киргизүүнү пландаштырууда. Долбоордун баасы 8 млрд теңге, деп билдирет Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн басма сөз кызматы Ишкана суткасына 50 тоннага чейин, же жылына 18 миц тоннадан ашык

Астана индустриалдык паркында 2026-жылдын экинчи кварталында Astana ETCOM компаниясынын эт комбинатын ишке киргизүүнү пландаштырууда. Долбоордун баасы 8 млрд теңге, деп билдирет Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн басма сөз кызматы Ишкана суткасына 50 тоннага чейин, же жылына 18 миц тоннадан ашык даяр продукция чыгара алат. Ассортиментте колбаса, гастрономиялык эт, жарым фабрикаттар жана муздатылган азыктар болот. Компания товарларды ички рынокко да, экспортко да жеткирүүнү күтүүдө Astana ETCOM компаниясынын негиздөөчүсү Фархад Мадалиев долбоор ата мекендик чийки затты терең кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө, эт азыктарын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого багытталганын билдирди Долбоор ишкердикти колдоо боюнча мамлекеттик программалардын алкагында алынган кредиттердин, ошондой эле инвесторлордун каражаттарынын эсебинен каржыланат. Негизги чийки зат менен камсыз кылуучу казакстандык өндүрүүчүлөр, анын ичинде миллионер Серик Толукпаевдин Айтас компаниясы (Forbes журналынын эң бай казакстандыктарынын рейтингинде 302 миллион доллар байлыгы менен 39-орун), Эркин Татишевдин KazBeef (24-орун, 435 миллион доллар) жана өлкөнүн аймактарынан келген чарбалар болот Ишкананын директору Нурлан Айтбаев өкмөт башчыга долбоордун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, ишкана ишке киргизүүнүн биринчи этабында 100гө чейин жумушчу орун түзүлөт. Толук кубаттуулукка чыккандан кийин жумушчулардын саны 300 адамга чейин көбөйөт Буга чейин Курсив Казакстанда эттин баардык түрлөрү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо 18% кымбаттаганын жазган


