Алматыда 12 жаштагы бала бычактан каза болду
Алматынын Түрксиб районунда 12 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу 12-июнда Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Анын өлүмүнө катыштыгы бар деген шек менен 13 жаштагы мектеп окуучусу кармалып, атайын мекемеге киргизилген ШИИБдин маалыматы боюнча, жабырлануучуга б

Алматынын Түрксиб районунда 12 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу 12-июнда Алматы шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Анын өлүмүнө катыштыгы бар деген шек менен 13 жаштагы мектеп окуучусу кармалып, атайын мекемеге киргизилген ШИИБдин маалыматы боюнча, жабырлануучуга бычак сайылган Туугандарынын айтымында, 12 жаштагы баланы «алардын биринин үйүнө алдап кирип, 9 жолу бычак сайган» Полиция шектүү адистештирилген мекемеге киргизилгенин билдирди. Өспүрүмдүн өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат Башкармалык ошондой эле иликтөөнүн жыйынтыгында жашы жете элек балдардын ата-энелеринин «туура эмес тарбия бергендиги үчүн» жоопкерчилиги каралышы мүмкүн экенин билдирди Каза болгон баланын ата-энеси, казакстандык басылмалар жазгандай, шектүүлөр жаш курагына байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылбай жатканына нааразы Казакстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жалпы кылмыш жоопкерчилиги 16 жаштан башталат.Айрым оор жана өзгөчө оор кылмыштар, анын ичинде адам өлтүрүү үчүн 14 жаштан баштап балдарга кылмыш жоопкерчилигине тартууга болот Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


