Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Германияда кармалган тажикстандык башпаанек издеген жаранга мекенинде кыйноого кабылуу коркунучун далилдөөгө убакыт берилди

Германиянын соту камактагы тажикстандык башпаанек издеген Асадулло Бобоевге эгер мекенине депортацияланса кыйноолор жана узак мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин далилдеп берүү үчүн 1-июлга чейин мөөнөт берди. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы – Озоди билдирди 54 жаштагы Бобоев 8-июнда

0 көрүүazattyqasia.org
Германияда кармалган тажикстандык башпаанек издеген жаранга мекенинде кыйноого кабылуу коркунучун далилдөөгө убакыт берилди
Paylaş:

Германиянын соту камактагы тажикстандык башпаанек издеген Асадулло Бобоевге эгер мекенине депортацияланса кыйноолор жана узак мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин далилдеп берүү үчүн 1-июлга чейин мөөнөт берди. Бул тууралуу “Азаттыктын” тажик кызматы – Озоди билдирди 54 жаштагы Бобоев 8-июнда 19 жаштагы уулу Мухаммед менен бирге Клеве аймагында кармалган. Бобоевдин айтымында, Германиянын миграция кызматы кармалышын документтердеги көйгөйлөр жана болуу мөөнөтү өтүп кеткендиги менен түшүндүргөн Бобоев өзү мүмкүн депортацияны кооптуу деп эсептейт. Ал “Озоди” радиосуна оппозициялык “Реформа жана өнүгүү” кыймылынын мүчөсү экенин, Тажикстанда ага каршы экстремизмге шектелип иш козголгонун айтты "Мен өлкөдөгү саясий жана экономикалык маселелер боюнча өз оюмду социалдык тармактарга да жазам. Сот мага коркунучта экенимди далилдөөгө убакыт берди. Болбосо балам экөөбүздү Дүйшөмбүгө жөнөтүшөт", — деди Бобоев «Реформа жана өнүгүү» кыймылынын жетекчиси Шарофиддин Гадоев Бобоев уюмга мүчө экенин ырастады. Анын айтымында, Бобоевди коргоо үчүн адвокат алынган Бобоев Тажикстандан жубайы, эки кызы жана уулу менен 2017-жылы чыгып кеткен. Алгач үй-бүлө Литвага келип, андан кийин Германияга көчүп кетишкен Бобоевдин айтымында, 18-майда Германиянын миграциялык кызматы буга чейин анын аялы менен бир кызын депортациялоого аракет кылган, бирок депортация токтотулган. Анын жубайы Мастона Файзуллоева "Озоди" радиосуна билдиргендей, эгер алар Тажикстанга кайтып келсе, үй-бүлөсү куугунтукка кабылат деп коркушат Соңку жылдары Европа өлкөлөрү өз мекенинде куугунтукка кабылабыз деген тажик жарандарын бир нече жолу депортациялаган. Алардын айрымдары кайтып келгенден кийин кармалып, узак мөөнөткө абакка кесилген. Укук коргоочу уюмдар, анын ичинде Хьюман Райтс Уотч мындай депортацияларды сынга алып, Тажикстанда кыйноолор жана саясий куугунтуктоо коркунучун баса белгилешти Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler