Алматыда көчөлөрдүн биринде унаа кыймылына бир айга чектөө киргизилет
Алматыда дренаждык тармактарды реконструкциялоого байланыштуу Жумабаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат, деп билдирет Almaty_Joly Жетисуу районунда чектөөлөр киргизилет. 16-июндан 20-июлга чейин Жумабаев көчөсү менен Сельская көчөсүнөн Жансүгуров көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы жабыл

Алматыда дренаждык тармактарды реконструкциялоого байланыштуу Жумабаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат, деп билдирет Almaty_Joly Жетисуу районунда чектөөлөр киргизилет. 16-июндан 20-июлга чейин Жумабаев көчөсү менен Сельская көчөсүнөн Жансүгуров көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы жабылат Айдоочулар үчүн Омарова жана Палладина көчөлөрү боюнча айланма жол уюштурулат «Шаардын инфраструктурасын модернизациялоо жана эскилиги жеткен тармактарды алмаштыруунун алкагында Жетисуу районунда 1967-жылы пайдаланууга берилген 716 метр канализация түтүктөрү жаңыланат», - деп айтылат акимчиликтин маалыматында Тармактын реконструкцияланган бөлүгү түз жолдун астынан өткөндүктөн, кыймылды чектөө зарыл чара болуп саналат Ошону менен бирге курулуш-монтаждоо иштеринин мезгилинде керектөөчүлөрдү муздак суу менен камсыздоо жана канализация кызматтары толук көлөмдө сакталат Аталган аймакка убактылуу жол белгилери жана маркерлер орнотулат. Айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр маршруттарды алдын ала пландап, жол кыймылын уюштуруудагы өзгөрүүлөрдү эске алуусун суранат Буга чейин Курсив Алматыда популярдуу Масанчи сейилдөөчү көчөсүн оңдоо иштери башталып жатканын билдирген


