Ак-Талаа районунда селден улам Баетов-Макмал жолунун бир бөлүгү жабылды (видео)
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда селдин кесепетинен Баетов-Макмал унаа жолунун бир бөлүгү убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди Ведомстводон билдиришкендей, 6-июнь күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Баетов-Макмал жолунун 14-15-чакырымында сел жүр

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда селдин кесепетинен Баетов-Макмал унаа жолунун бир бөлүгү убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди Ведомстводон билдиришкендей, 6-июнь күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Баетов-Макмал жолунун 14-15-чакырымында сел жүргөн Мындан улам жолдун бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылган Жеринде Транспорт министрлигинин No15 жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары тартылган. Учурда сел сууларын агызып, жолду коопсуз кылуу иштери жүрүп жатат Министрлик кырдаал көзөмөлдө экенин белгиледи Айдоочулардан этият болуп, жол эрежесин так сактоону суранабыз. Кененирээк маалымат кийинчерээк берилет

