Өзбекстан менен Түркия пенсиялык тажрыйбаны өз ара таанууну талкуулашууда
Ташкентте Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Пенсиялык фонд менен Түркиянын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ортосунда сүйлөшүүлөр болду Kun.uz маалымдагандай, сүйлөшүүлөрдө тараптар пенсия дайындоодо эки өлкөнүн тең иштеген мөөнөттөрүн эске алууга жана эмгек мигран

Ташкентте Өзбекстандын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Пенсиялык фонд менен Түркиянын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ортосунда сүйлөшүүлөр болду Kun.uz маалымдагандай, сүйлөшүүлөрдө тараптар пенсия дайындоодо эки өлкөнүн тең иштеген мөөнөттөрүн эске алууга жана эмгек мигранттарынын пенсиялык укуктарын жоготпоого мүмкүндүк берүүчү биргелешкен пенсиялык системаны түзүү маселесин талкуулашты Маалым болгондой, тараптар тиешелүү ведомстволордун өз ара аракеттенүү тартибин аныктоого, ошондой эле эмгек стажын жана пенсиялык төлөмдөрдү эсепке алуу механизмдерин түзүүгө тийиш болгон мамлекеттер аралык келишимдин жана меморандумдун долбоорлорун макулдашууга ниеттенүүдө Маселе Өзбекстан үчүн өзгөчө актуалдуу, анткени өлкөнүн жарандарынын олуттуу бөлүгү Түркияда иштешет. Ошол эле учурда келишим түрк тарапты да кызыктырат – ал Өзбекстанда иштеген жарандарына социалдык кепилдиктерди берет Түркиянын Миграция кызматынын маалыматы боюнча, Түркияда жашоого уруксат алган чет элдиктердин арасында Өзбекстандын жарандары алдыңкы орунда. 2025-жылдын апрелине карата өлкөдө жашоого уруксаты бар 58 747 өзбек жараны катталган. Бирок каттоодон өтпөгөн мигранттарды жана мыйзамсыз иштегендерди эске алганда бул көрсөткүч алда канча жогору Жакынкы убакка чейин Кыргызстан Түркия менен социалдык камсыздоо келишимин түзгөн Борбор Азиядагы жалгыз өлкө болгон. Бул документ 2020-жылдын 1-ноябрынан тартып жарактуу жана Түркияда расмий иштеген кыргызстандыктарга пенсия алуу укугун берет Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон


.webp&w=2048&q=70)