Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Экс-Башкы прокурор, ИИМ жетекчиси, Жогорку Кеңештин экс-спикери Мыктыбек Абдылдаев каза болду -

Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Мыктыбек Абдылдаев 73 жашында каза болду Жакындарынын айтымында, ал бүгүн кафеде ооруп калган. Аракеттерге карабастан аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Сүрөт интернеттен. Мыктыбек Абдылдаев Мыктыбек Абдылдаев 1953-жылы 11-августта Аламүдүн районуну

0 көрүү24.kg
Экс-Башкы прокурор, ИИМ жетекчиси, Жогорку Кеңештин экс-спикери Мыктыбек Абдылдаев каза болду -
Paylaş:

Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Мыктыбек Абдылдаев 73 жашында каза болду Жакындарынын айтымында, ал бүгүн кафеде ооруп калган. Аракеттерге карабастан аны сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Сүрөт интернеттен. Мыктыбек Абдылдаев Мыктыбек Абдылдаев 1953-жылы 11-августта Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында туулган. Адистиги боюнча юрист, Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн Мамлекеттик кызматта иштеген жылдары Кыргызстандын мамлекеттик системасында бир катар негизги кызматтарды аркалаган. Бул жылдары өлкөнүн башкы прокурору, ички иштер министри, президенттик аппараттын жетекчиси болуп иштеген, ошондой эле Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон 2020-жылдын октябрь айындагы саясий окуялардан кийин Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланып, саясий кризистин эң оор мезгилинин биринде бир нече күн парламенттин спикери болуп иштеген Акыркы чакырылыштардагы парламентте конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттерди жетектеп, бир катар мыйзам чыгаруу демилгелерин иштеп чыгууга катышкан Акыркы жылдары Мыктыбек Абдылдаев Элдик Курултайдын катчылыгынын башчысы болуп иштеген Кесиптештери жана санаалаштары аны отуз жылдан ашык мамлекеттик кызматтарда иштеген эгемен Кыргызстандын эң тажрыйбалуу мамлекеттик ишмерлеринин бири катары мүнөздөштү Коштошуу убактысы жана орду тууралуу маалымат кошумча билдирилет 24.kg редакциясы үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат

Kaynak: 24.kg

Diğer Haberler