Бакаев көчөсүн Түштүк магистралга чейин бузуп сала баштады
Turmush - Бишкекте Бакаев көчөсүнө Ахунбаев көчөсүнөн Түштүк магистралга чейинки жолду асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу 11-июнда борбор калаанын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди Анын айтымында, учурда Бакаев көчөсү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагына туташып турат, бирок жакынкы арал

Turmush - Бишкекте Бакаев көчөсүнө Ахунбаев көчөсүнөн Түштүк магистралга чейинки жолду асфальттоо иштери башталды. Бул тууралуу 11-июнда борбор калаанын вице-мэри Рамиз Алиев билдирди Анын айтымында, учурда Бакаев көчөсү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагына туташып турат, бирок жакынкы аралыкта бул жерге Түштүк магистралга жолдун уландысы курулат "Жакында бул жерге жол салынып, албетте студенттердин коопсуздугун коргойбуз. Бул университет экенин түшүнөбүз жана бул жерге тосмолорду орнотобуз", - деди Алиев Ал белгилегендей, документацияга ылайык, 2016-жылга чейин бул аймакта жол каралган Ошол эле учурда Бишкектин Чыңгыз Айтматов проспектисинен Тыналиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө Миңжылкиева көчөсүнө жолду асфальттоо иштери башталды. Вице-мэрдин айтымында, жаңы жолду курууда бак-дарактар кыйылбайт


