Украина Орусиянын Каспий деңизиндеги бургулоочу жабдыктарына сокку урду
Украин бөлүктөрү Каспий деңизиндеги Грейфер жана Корчагин кендеринде Орусиянын эки бургулоо платформасына кол салышты. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди Алдын ала маалыматтар боюнча, Валерий Грайфер (мурдагы аты - Ракушечное) кениндеги бургулоо аянтчасындагы музга тур

Украин бөлүктөрү Каспий деңизиндеги Грейфер жана Корчагин кендеринде Орусиянын эки бургулоо платформасына кол салышты. Бул тууралуу Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди Алдын ала маалыматтар боюнча, Валерий Грайфер (мурдагы аты - Ракушечное) кениндеги бургулоо аянтчасындагы музга туруктуу стационардык платформа (ЛСП-2) жана Юрий Корчагин кениндеги бургулоо аянтчасындагы музга туруктуу стационардык платформа (ЛСП-1) бузулган "Бургулоо платформалары Каспий деңизинин түндүгүндө, согуштук байланыш линиясынан дээрлик миң чакырым алыстыкта жайгашкан..." Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди 6-апрелде Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн учкучсуз системалык күчтөрүнүн командачысы Роберт (Мадьяр) Бровди, МЧК Украинанын Аскер-деңиз флоту менен бирге Орусиянын “Сиваш” сүзүүчү бургулоочу станогуна сокку урганын билдирди 2014-жылга чейин Сиваш Украинага тиешелүү болгон жана Кара деңиздин шельфинде иштеген. Украиналык аскер блогер Сергей Мисюра орустар аны оптикалык жана радарларды башкаруу үчүн колдонушканын жана ага орустун элиталык бөлүктөрү да жайгашканын айтты


