Түркиянын 51 аймагында бороон коркунучу тууралуу эскертүү жарыяланды
Түркиянын 51 аймагында аба ырайы боюнча сары эскертүү жарыяланды. Өлкөнүн бир катар аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр селге айланып, үйлөрдү суу каптады. Газиантеп жана Шанлыурфа аймактарында катуу бороон болуп, катуу шамал имараттардын чатырларын учуруп кетти. Газиантепте 22 жаштагы кыздын чатырынын с

Түркиянын 51 аймагында аба ырайы боюнча сары эскертүү жарыяланды. Өлкөнүн бир катар аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр селге айланып, үйлөрдү суу каптады. Газиантеп жана Шанлыурфа аймактарында катуу бороон болуп, катуу шамал имараттардын чатырларын учуруп кетти. Газиантепте 22 жаштагы кыздын чатырынын сыныгы кулап каза болду. Сел агызып кеткен адамдын сөөгү бир нече сааттан кийин табылды. Расмий маалыматка караганда, бороон менен селден жалпысынан 33 адам жабыркаган. Аба ырайына байланыштуу айрым аймактардагы мектептерде төрт күнгө сабактар токтотулду Танер Гүлер, Газиантеп шаарынын тургуну: Ал эми Түркиянын түндүк аймактарында күн суук болуп, калың кар жаады. Бир катар жолдор жабылып, транспорт кыйынчылык жаратты. Болу, Измир жана Самсун аймактарынын айрым аймактарында кардын калыңдыгы 60 сантиметрге жетти. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматы боюнча, кырсык болгон аймакта 5 миңден ашык атайын техника жана 2 миң куткаруучу иштеп жатат


