Трамп: Эгер Иран менен келишим түзүлбөсө, АКШ эң мыкты куралды колдонууга даяр
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын айланасындагы чыңалуунун фонунда аскердик даярдыктар күчөтүлгөнүн жарыялап, сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, күч колдонууну жокко чыгарган жок Бул тууралуу ал «Нью-Йорк Пост» гезитине берген маегинде билдирди Анын айтымында, АКШнын согуштук кемелери мурда жар

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын айланасындагы чыңалуунун фонунда аскердик даярдыктар күчөтүлгөнүн жарыялап, сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаса, күч колдонууну жокко чыгарган жок Бул тууралуу ал «Нью-Йорк Пост» гезитине берген маегинде билдирди Анын айтымында, АКШнын согуштук кемелери мурда жаралган эң мыкты куралдар менен жабдылган "Биз кемелерге мурда жаралган эң мыкты куралдарды жүктөп жатабыз... Эгер келишим ишке ашпаса, биз аны абдан эффективдүү колдонобуз", - деди Трамп Ал белгилегендей, кийинки күндүн ичинде Иран менен сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болору белгилүү болот. "Бул болжол менен 24 сааттан кийин айкын болот" деди ал Эске сала кетсек, АКШ менен Израил 28-февралда Иранга каршы аскердик операциясын баштап, натыйжада Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жана бир катар жогорку даражалуу чиновниктер набыт болгон. Андан соң Израил менен бирге Иран АКШ жана анын союздаштарынын аскердик базалары жайгашкан Сауд Арабия, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Оман, Бахрейн, Ирак жана Кипрде аныкталган буталарга чабуул жасай баштады. 8-апрелде Иран менен АКШ жана алардын союздаштары эки жумалык ок атышпоо тууралуу макулдашкан Белгилей кетсек, АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрү 11-апрелде Пакистанда өтөт Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


