Токаев Нидерландиянын падышасын куттуктады
Касым-Жомарт Токаев Король Виллем-Александрды Нидерландиянын улуттук майрамы менен куттуктады Мамлекет башчысы Нидерланд Королунун күнүнө карата куттуктоосунда бул майрам чагылдырылган улуттук биримдиктин жана тилектештиктин туруктуу баалуулуктары Падышалыкты прогресстин жана гүлдөп-өнүгүүнүн жолун

Касым-Жомарт Токаев Король Виллем-Александрды Нидерландиянын улуттук майрамы менен куттуктады Мамлекет башчысы Нидерланд Королунун күнүнө карата куттуктоосунда бул майрам чагылдырылган улуттук биримдиктин жана тилектештиктин туруктуу баалуулуктары Падышалыкты прогресстин жана гүлдөп-өнүгүүнүн жолуна алып бара берерине ишенимин билдирди "Казакстан - жоогазындын мекени - Голландиянын искусствосу жана маданияты менен ажырагыс байланышта болгон өлкөңүздүн улуттук гүлү жана ал бүгүнкү күндө биздин элдерибиздин ортосундагы достуктун кереметтүү символу болуп калды. Биз Нидерланддар менен убакыт сынагынан өткөн мамилелерибизди жогору баалайбыз жана элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн ар кандай чөйрөлөрдө казак-голланд өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого умтулабыз", - деп жазган президент Мамлекет башчысы Виллем-Александрга анын асыл иштеринде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми королдук үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Нидерланддын бүткүл элине бакыт жана гүлдөп өнүгүү каалады


