Кытай унаалары Европа рыногун тездик менен ээлеп жатат
Кытайлык унаа өндүрүүчүлөр европалык унаа рыногундагы позицияларын тездик менен чыңдап жатышат Modern.az чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын март айында Кытайдан алынып келинген плагин гибриддик унаалардын сатуусу өткөн жылга салыштырмалуу 300%дан ашык өсүп

Кытайлык унаа өндүрүүчүлөр европалык унаа рыногундагы позицияларын тездик менен чыңдап жатышат Modern.az чет элдик басылмаларга шилтеме берүү менен билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын март айында Кытайдан алынып келинген плагин гибриддик унаалардын сатуусу өткөн жылга салыштырмалуу 300%дан ашык өсүп, рекорддук деңгээлге жеткен. Натыйжада, бул унаалар Европадагы гибриддик унаа рыногунун 20%га жакынын түзгөн Салыштыруу үчүн айта кетели, 2024-жылдын башында Кытайда чыгарылган гибриддик унаалардын үлүшү Европа Биримдигинин рыногунда болгону 2%ды түзгөн Көбөйүү жалпы сатууга да таасирин тийгизди. Ошентип, март айында Европада кытайлык автоунаалардын жалпы сатуусу өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 100%га өсүп, рекорддук көрсөткүчкө жетип, 140 094 даанага жетти Учурда кытайлык автоунаалар европалык унаа базарынын 9,4% үлүшүнө ээ. Бул акыркы эки жылда рыноктун үлүшү дээрлик үч эсеге өстү дегенди билдирет Адистердин айтымында, кытайлык өндүрүшчүлөр базардагы эң арзан баада автоунааларды сунуштоо менен катар технология жана жабдык жагынан Европалык бренддерге тездик менен жакындап жатышат Мунун фонунда европалык керектөөчүлөрдүн кытайлык автоунааларга болгон кызыгуусу тездик менен өсүүдө


