Токаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү
Мамлекет башчы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Касым-Жомарт Токаев Кытайдын Хунань провинциясында пиротехникалык заводдо болгон жарылуудан көп сандаган курмандыктар тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алды Казакстандын президенти каза болг

Мамлекет башчы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Касым-Жомарт Токаев Кытайдын Хунань провинциясында пиротехникалык заводдо болгон жарылуудан көп сандаган курмандыктар тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алды Казакстандын президенти каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады Эске сала кетсек, Кытайдын борборундагы фейерверк заводунда жарылуу болгон. Жергиликтүү чукул кызматтардын маалыматы боюнча, 21 адам каза болуп, дагы 61 адам жаракат алган Окуя 4-май күнү саат 16:43 чамасында Хунань провинциясынын борбору Чаншанын бир бөлүгү болгон уезд деңгээлиндеги Люян шаарындагы ишканада болгон


